«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

8 Апрель 2020
 Апрель 8, 2020
Категория: Новости

Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык  «Руханият” ассоциациясы урматтуу ардагерлерди Улуу жеңиштин 75 жылдык майрамы менен чын журөктөн куттукташат!

Мындан 75 жыл мурда учу – кыйырына көз жетпеген кең Мекенибизди согуштун алаамат жалыны каптап, дүйнөдөгү биринчи социалисттик мамлекетке, көп улуттуу совет өлкөсүнө Гитлердик фашизм капысынан кол салган эле.

1418 күнгө жана түнгө созулган бул согуш өмүрдү – өлүмгө, бейпилдикти – каргашага, күлкүнү – муңдуу ыйга, жашоону – кайгылуу дүйнөгө алмаштырып, адамдардын тагдырын асманга самандай сапырды. 

Кечээ эле тынч эмгектин, капарсыз жашоонун үзүрүн көрө баштаган элибиздин алдында бүгүн – “ Ата Мекен, же өлүм” деген ыйык согуш, граждандык ыйык милдет турду.

Ата Журттун эркиндиги үчүн, социалисттик коомубуз үчүн кары – жаш, эркек – аял дебестен, “ эрдин күчү бирдикте “ болуп, ааламга ажал чачкан мыкаачы душманга каршы жалпы журтубуз жапа тырмак чыгышты.

Батыш аймагыбыздагы миңдеген айыл – кыштактарыбыз менен шаарларыбыз урандыларга айланып, суу ордуна жошолонгон кан агып, жерибиздин дагы, элибиздин дагы денеси жамгырдай жааган октон, тынымсыз жарылган бомбадан жарадар болуп, Кызыл Армиянын жоокерлери каармандык менен эрдикти, коркунуч менен кыйынчылыкты саат сайын башынан өткөрүп жатышты.

Ар бир шаар менен кыштак үчүн, ар бир үй менен көчө үчүн, бир нукум жер үчүн жан аябаган кармашуу, кырылдаган кыргын болуп жатты.

“ Родина үчүн “, “ Биздин ишибиз ак, жеңиш биздики болот!” деген Коммунисттик партиянын урааны Ата Мекенебизди бирдиктүү фронтко айландырып, жоо бетиндеги жоокерлер менен тылдагы эмгекчилерди тарыхта болуп көрбөгөндөй эрдикке, биримдикке, намысга чакырып, фашисттик Германия менен согушта жеңишти камсыз кылды.

Каргашалуу согуш миллиондогон жоокерлерибиз менен жердештерибиздин өмүрүн кыйып, ата – энелерди кубат туткан кулундарынан, жубайларды өмүрлүк жарларынан ажыратып, балдарды атасыз калтырды.

Бүгүн, биз сүйүктүү Ата Мекенибиздин эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн, адамзатты фашизмден куткарыш үчүн салгылашууларда баатырдык менен курман болгондордун өлбөс – өчпөс жаркын элестерине тизе бүгүп, башыбызды ийип, түбөлүккө таазим этебиз.

Эч качан тайманбас, алышкан жоосун жыккан Ала – Тоолук кыргыз эли түн жамынган каракчыларга каршы кармашууга түп көтөрүлүп, бет алды.

 360 миңден ашык Айкөл Манастын урпактары, Советтик Кыргызстандын көп улуттуу эмгекчилеринин мыкты уул – кыздары, туулган жер менен коштошуп, Ата Журт үчүн майданга аттанышты.

Ат жалын тартып Батышка сапар алышкан маданият, адабият жана искусство тармагынан Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Узакбай Абдукаимов, Темиркул Үмөталиев сыяктуу кыргыз адабиятынын туйгундары, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөн Шамшиев, Жунай Мавлянов, Түмөнбай Байзаков окшогон таланттуу жаштар өнөрлөрүн майданда өргө чабышып, калемдерин найзага алмашып, жалындуу чыгармалары менен жоокерлерге дем беришти.

 Артисттер Асанкан Жумакматов, Сексенбай Айтманбетов, Асипа Исмаилова, Калипа Алиева, Нурдин Түгөловдор, сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Сабырбек Акылбеков, Виктор Степанович Тюриңдер өз ыктыярлары менен фронтко барышты.

Жердештерибиз эли – журтубуздун намысын колдон түшүрбөй Сталинграддан Берлинге чейинки жоортулда чыныгы каармандыкты көрсөтүшүп, Батыштагы аймагыбызды жана Чыгыш Европаны баскынчылардан тазалашты. Панфиловдун дивизиясы, анын 28 баатыры жеңиштин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

 72 жоокер жердештерибиз Советтер Союзунун баатыры деген наамга ээ болушса, 21 жоокерибиз “ Даңк “ ордени менен сыйланышты, 100 миңден ашык кыргызстандыктар СССРдин ордендери жана медалдарына татыктуу болушту.

Чолпонбай менен Дүйшөнкүл, Николай Ананьев менен Григорий Конкин, Мансуза менен Сүльгү, Иван Гришин менен Тукубай Тайгараев, Калыйнур Үсөнбеков менен Дайыр Асанов сыйактуу Советтер Союзунун баатырлары жалпы элибиздин сыймыгы болуп калышты.

“ Бардыгы фронт үчүн! Бардыгы жеңиш үчүн!” деген миллиондогон мекендештерибиздин патриоттук демилгеси кыргыз журтчулугунун түтүн чыгарган ар бир үй – бүлөсүнө чейин жетти.

 Ак сакалдуу аталар, ак саамайлуу энелер, өңдөрүнөн сулуулугу менен ажарлуу нуру качкан эжелер менен жеңелер эр азаматтардын ордун басып, жеңиштин эртеңки салтанаты үчүн, касташкандарды жер үстүнөн жексен кылыш үчүн, кара жандарын карч урушуп, күн – түн дебей фронт үчүн иштеп жатышты.

Бактылуу балалыктын доору тагдырына туш келбеген “ тирүүлөй жетим “ аталган өспүрүмдөр – жаз жарышта, саратандын сары күнүндө, кыштын кыраан чилдесинде да улуулар менен үзөнгүлөшүп кош жетелеп, оп майдалап, араба чегип, жүк ташып, “ атакем бизге келсе экен, фашистти эрте жеңсе экен” деп кусалык ырын ырдап, наристелик ак сезим менен жеңиштин салтанаттуу күндөрүн жакындатып жатышты.

Жумуриятыбыздын аймагына ондогон завод – фабрикалар, илимий жана маданий мекемелер көчүрүлүп келинип, кыска мөөнөттүн ичинде иштей башташты.

Уруштун оор жылдарында СССРдин симфониялык оркестри, Пятницкий атындагы мамлекеттик хору, Одессанын, Донецкинин театрлары, өлкөбүздүн маданият ишмерлеринин чоң тобу республикабызда үзүрлүү эмгектенишип, калкыбызды патриоттук, эстетикалык тарбиялоого зор салым кошушту.

Фронттун чегинен эвакуация болгон 150 миң адамды калкыбыз кадимки меймандостугу менен күтүп алышып, бир ууч талканын, бир сындырым нанын бирге бөлүп жешти.

Жоокерлерге арналган белектер тылдан фронтко тынымсыз жөнөтөлүп, дыйкандарыбыз менен чабандарыбыздын, жумушчуларыбыз менен интеллигенттерибиздин акчалай каражаттарынын эсебинен далай танкалар, самолёттор чыгарылып жатты.

Кыргыздын кубулжуган музкасы, жаңды эргиткен ырлары, аскердик бөлүктөрдө, алдыңкы позицияларда, жарадарлардын ооруканасында жаңырып, жоокерлерибиздин күчүнө – күч, кубатына – кубат кошту.

Сайра Кийизбаева, Муса Баетов, Алымкул Үсөнбаев, Ашыралы Боталиев, Анвар Куттубаев, Мыскал Өмүрканова сыяктуу оңдогон сахна чеберлери, атайын түзүлгөн концерттик бригадалар фронттун алдыңкы чегинде болушуп, жоокерлерге арнап 2 миң 500 концерт беришти.

Улуттук адабиятыбыздын сыймыктары – Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубанычбек Маликов, Касымалы Баялинов, Насирдин Байтемиров, Касымаалы Жантөөшев, Абдрасул Токтомушов, Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев сыяктуу жазуучуларыбыз, Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов, Владимир Фере, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Бектурсун Егинчиев, Жумамүдүн Шералиевдей композитор – обончуларыбыз, комузчуларыбыз, Калык, Осмонкул, Алымкулдай ак таңдай акындарыбыз, Семён Чуйков, Гапар Айтиев, Александр Игнатьев, Фёдор Стукошин окшогон сүрөтчүлөрүбүз каардуу мезгилдеги элибиздин майтарылбас духун, патриоттук сезимин, жоокерлерибиздин эрдигин көркөм сөздө, поэзияда, музыкада жана сүрөт искусствосунда зор шыктануу менен жар салышып, улуттук маданиятыбыздын алтын фондусун мыкты чыгармалар менен байышты.

Элибиздин руханий дүйнөсүн байытууда, алардын патриоттук жана интернационалдык сезимин арттырууда улуттук сахна искусствосу зор маанилуу милдеттерди аткарды.

Эркиндик менен эмгек, патриотизм менен согуш темасы чагылдырган “ Ант”, “Ким кантти”, “Курманбек”, “Жаңыл Мырза”, “Көкүл”, “Патриоттор”, “Кыз Жибек” спектаклдери театрларыбыздын репертуарларынан орун алып, коомчулугубуздун зор кызыгуусуна ээ болушту.

Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Муратбек Рыскулов, Сыдыкбек Жаманов, Шекербек Шеркулов, Актан Тыныбеков, Алиман Жанкорозова, Кыдырбек Чодронов сыяктуу оңдогон искусство чеберлери элибиздин духун көтөрүш үчүн, республикабыздын ар бир айыл – кыштагын, ар бир жайлоосун жөө жалаңдап кыдырып, 100 дөгөн оюндарды, концерттерди көрсөтүшүп, калктын алкышына ээ болушту.

Эгемендүү Кыргызстанда Чынгыз Айтматов, Калый Молдобасанов, Тургунбай Садыков, Болот Шамшиев, Сүймөнкул Чокморов, Бексултан Жакиев сыяктуу маданиятыбыздын ишмерлери согуш темасын жаңы багытта, ар кандай жанрда ийгиликтүү өздөштүрүшүп, жаштарды терең гумандуулукка, таза ыймандуулукка тарбиялоого зор салымдарын кошту.

Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы залпы, жеңишти даңктаган майрамдык салютунан бери туура 75 жыл өттү.

Ата Журтубуздун эркиндиги үчүн, башка өлкөлөрдүн боштондугу үчүн күрөшкөн Совет элинин баатырдык каармандыгы – бардыгыбыз үчүн ыйык жана кымбат бойдон кала берет!

Сиздердин, ардагерлер, даңазалуу эрдигиңиздерге, күжүрмөн эмгегиңиздерге жалпы кыргыз элибиз түбөлүккө таазим этип, биздин бүгүнкү жашообуз үчүн өмүрүн кыйып, курман болушкан жоокерлердин элесин эч качан унутушпайт!

Жеништин ээси, тынчтыктын тиреги – сиздерге, Урматтуу ардагерлер, чын жүрөктөн чыккан алкыш жана урмат айтабыз. Майрамыңыздар менен!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

37 − 33 =