Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун авторлорунун бири Сабыр Иптаровдун туу жөнүндө түшүндүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору (желек, гимн, герб) жана алардын авторлору тууралуу маалымат.
Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан кийин Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик символдорун (желек, гимн, герб) иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1992-жылы ачык конкурс жарыялаган. Конкурска бардыгы болуп желектин, гербдин жана гимндин 1000ден ашык варианты келип түшкөн.
Аларды тандап алуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана адистерден турган атайын жумушчу комиссиясы иштеп (бардыгы 50дөн ашык адам), коомчулуктун пикирин эске алуу максатында бардык варианттар КР Мамлекеттик сүрөт музейинде бир айлык мөөнөткө көргөзмө-талкууга коюлган.
Ошондон кийин гана жумушчу комиссиясы коомчулуктун пикирин эске алуу менен 2 ай бою тийиштүү варианттарды талкуулап, тандап алынган варианттарды Жогорку Кеңештин кароосуна койгон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Желектин авторлору: Э.Айдарбеков, Б.К.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган. Гимндин текстинин авторлору: Ш.Кулуев, Ж.С.Садыков, музыкасынын авторлору: Н.Д.Давлесов, К.М.Молдобасанов.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби 1994-жылдын 8-январында кабыл алынган. Гербдин авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору деп аныкталган.
Улуттук жана мамлекеттик символдор калкты баш коштуруп, элди бириктирип, улуу иштерге шыктандырууга жөндөмдүү ички руханий күч-кубатка ээ.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы № 787-ХII токтому менен кабыл алынган. Аталган токтомдо «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги – өӊчөй кызыл кездемеден жасалып, ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндүн, анын ичине – кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн» деп жазылган.
Мамлекеттик туунун сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 Мыйзамында белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинде чагылдырылган символдорго түшүндүрмө.
Мамлекеттик желек – элибиздин рухий дөөлөттөрүн, тарыхий басып өткөн жолун, эстетикалык татымын ж.б. чагылдырган символ. Желектин үлгүсүн иштеп чыгууда эки маанилүү нерсеге көӊүл бурулган: А. Желектин түсү кандай болуш керек? Б. Желекте кандай белги (символ) чагылдырылышы керек?
Желектин түсүнө токтолууда үч негизги булак чечүүчү ролду ойногон: 1. Элдик санжыра; 2. «Манас» эпосу; 3. Реалдуу тарыхий чындык.
1. Элдик санжыра боюнча кыргыздын ар бир уруусу өз желегин көтөргөн. Ар бир уруунун өз урааны, тамгасы болгон. 14-15 к. үч чоӊ уруу бирикмеси түзүлгөн: Оӊ канат, Сол канат, Ичкилик. Канатка кайсы уруу жетекчилик кылса, туу, ураан, тамга ошого жараша өзгөргөн. Элдик санжырада Оӊ канаттын туусу — көк, Сол канаттыкы — ак, Ичкиликтики – кызыл болгон деп айтылат.
Оӊ канатка (Ак уул) – адигине багыш, моӊгуш, азык бугу, солто, сарыбагыш, моӊолдор, кара чоро, саяк ж.б. уруулары кирген. Урааны – жаӊкороз, туусу – көк асаба болгон. Бул түс Кыргыз ССРинин туусунда камтылган. Т.Сыдыкбеков «Көк асаба» деген роман жазган. Ал санжырачы Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы», окумуштуу Сабыр Аттокуровдун «Кыргыз санжырасы» деген эмгектеринде кеӊири тастыкталат. Бул түс Манастын чоросу Чубакка таандык сыпатталат (минген аты Көгала (Көк+ала). Ал – намыскөй, өжөр, тайманбаган (көк) баатыр.
Сол канатка (Куу уул) — басыз, жетиген, кытай, мундуз, кара багыш, саруу, кушчу, кылыч тамга ж.б. уруулары кирген. Урааны – көмөк, кийин каратал, тамгасы – кашка таман, туусу — ак болгон.
Ичкилик уруу бирикмесине — абат, бостон, жоо кесек, кесек, нойгут, тейит, канды, дөөлөс, найман, кыпчак, оргу ж.б. уруулар кирген. Туусу — кызыл болгон.
2. Манас эпосу. 1856-жылы Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келип Көкөтөйдүн ашын жазып алат. Көкөтөй уулу Бокмурунга керез айтат. Манаска Кошойго жаш Айдардан кабар жиберет. «Антын сактап келбесе, журтун журттап келбесе, таарынбасын өзүмө, көрүнбөсүн көзүмө. Айчыгы алтын кызыл туу ордосунда көрсүн де». Манаска келсе ал «алтын танап, ак чатыр, асмандата тигиптир, күмүш танап, көк чатыр көкөлөтө тигиптир, ала байрак, куу найза, жоодураган кырк чоро, он эки таман ордо атып, оюн-күлкү салыптыр». Бул текстте 7-8 жолу кезигет.
С.Орозбаков менен С.Каралаев айткан «Манас» эпосунун варианттарында Манастын туусу ар кандай түстө: «ак», «көк», «кызыл» деп айтылат. Анын ата-бабаларынан мурастап алган уруулук жана хандык туусу бардык варианттарда «айчыктуу кызыл туу» деп айтылат. Айчык – туудагы айдын элесин берген белги. «Айчыгы алтын кызыл туу, Оболотуп аштады, Тойду Жакып баштады», «Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаӊырган ызы-чуу» ж.б.
3. Чыныгы реалдуу тарыхый булак. Биринчи кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев бүт кыргыз санжыраларынын негизинде «Кызыл кыргыз тарыхы» деген китеп жазган. Кыргыздар мамлекеттүүлүккө Октябрь революциясынан кийин ээ болду. А.Орозбеков, Ж.Абдракманов, Б.Исакеев, Т.Айтматов, И.Раззаков ж.б. башында туруп кабыл алынган Кыргыз ССРинин (1936-ж.) туӊгуч мамлекеттик желегинин негизги түсү кызыл болуп, ортосунда көк жана ак тилкелери болгон. Желектин жогорку сол бурчунда сары түстөгү ашташкан орок-балка, андан жогору беш жылдыз тартылган. Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеӊиштин туусу кызыл болгон. Кыргызстан Эгемендүүлүккө ээ болгондо (1992-ж.) Манастын кызыл туусу кабыл алынган.
Ага ааламдын түркүгү — Күндүн, адамдын түркүгү — Түндүктүн элеси түшүрүлгөн. Күндөн чачыраган 40 нур («кырк гуз» — кыргыз) кырк уруудан куралган кыргыз элин билдирген. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун билдирген кыргыз оюму менен берилген.
Жогорудагы Мамлекеттик желектердеги түстөр жана символикалык белгилер төмөндөгүдөй чечмеленген:
Кызыл түс – бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.
Күн – өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) – кыргыздын түпкү аталары делет.
Кырк нур – кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.
Түндүк – көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк – Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күнтүндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды – көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.
Философиялык мааниде түндүк — «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат. Айлана – башы-аягы жок мезгилди, ашташкан чамгарактар – дүйнөнүн төрт тарабын туюнтат.
Ааламдын куту — Күн. Адамдын куту — Түндүк. Аалам адамга түндүк аркылуу кут тартуулайт. Күнтүндүктүн символикасы – Жараткан ар дайым Жарандарга ырайымдуу болуп, нурун төгүп, Жарандар ар убак Жаратканды эстеп, жадынан чыгарбай жүрсүн деген үмүт-тилектин белгиси.
Желектин туткасынын учуна бекитилүүчү Ай жана кут жылдыз – сулуулуктун, тазалыктын, аруулуктун, жаӊылануунун, кайра жаралуунун, жаштыктын, үмүттүн символу. Ошондой эле ал ислам динине таандык рухий ишенимдин да символу болуп саналат. Жаӊырган ай элибизде ыйык белги катары кабылданып, адамдар ага алкоосун арнап, келечектен күткөн үмүт-тилегине колдоо күтүп, максат-мүдөөсүнүн аткарылышын байланыштырган («Ай көрдүм, аман көрдүм, айдан аман, жылдан эсен бололу»). Айды дайыма кут жылдызы коштоп жүрөт.
Ч.Айтматов жазгандай, кыйыр-чеги жок кеӊ ааламдын койнунда, булуттуу көктүн астында, булаӊгыр жердин үстүндө өзгөрүлбөс, оошпос, бузулбас, жешилбес, сынбас, бүлүнбөс эч нерсе жок. Жасалган нерсенин баары сынып, кайра жасалат, кайра сынып, кайра жасалат. Ай-ааламда түбөлүк турган аз гана нерсе бар.
Төбөдөгү Күн түбөлүктүү. Күндү жандап, күн менен ай ортосунда каалгый тынымсыз сапар чеккен Жер түбөлүктүү. Күн менен жерди койнуна батырып, алмуздактан аман алып келаткан Көк түбөлүктүү. Ушулардын маани-маӊызына жетип, кадыр-касиетин туя билген — Адам түбөлүктүү. Мамлекеттик желекте мына ушундай улуу идеяларды камтыган символдор чагылдырылган.
Көрүнүп тургандай, мамлекеттик желектеги түстөр жана белгилер элибиздин улуттук рухий дүйнө таанымынан, тарыхый басып өткөн жолунан, эстетикалык көркөм татымынан келип жаралган символдор. Алардын мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу бул дөөлөттөрдүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын жана элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү карагандыгын көрсөтөт.
Желек – адамдын руху сыяктуу нарктуу, дили сыяктуу таза, жүзү сыяктуу көркөм болушу керек. Ал санжыраны, эпосту, тарыхый чындыкты жуурулуштуруп, калайык калкты ынтымакка, биримдикке чакырып, көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, сыймыктантып турган рухий жана материалдык ыйык таберик болууга тийиш.
Ал уруктун, уруунун, канаттын, аймактын эмес, улуттук мамлекеттүүлүктүн символу болгондуктан, андагы ар бир элемент, түс, символ өлкөнүн жарандарын жерине, тегине, динине, тилине, улутуна бөлбөй, бүткүл элди баш коштуруп, аларды ушул өлкөнүн жараны экендигине сыймыктантып турушу керек. Мындай руханий улуу сабак «Манас» дастанында таасын чагылдырылган: ар түрлүү уруулар биригип, бир элди түзөт, ар башка элдин уулдары (Манас менен Алманбет) эмчектеш бир туугандар болот ж.б.
Мамлекеттик желек бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарда, ар бир айыл өкмөтүндө, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрацияларда, министрликтер менен ведомстволордо, Парламенттин жана Өкмөт үйүнүн имараттарында көтөрүлүп турат. Ал Өлкөнүн Борбордук аянтында, бардык областтардын жана райондордун борбордук аянттарында көтөрүлүп турат. Өкмөт башчысынын Жардыгы менен атайын Мамлекеттик желектин Күнү белгиленген.
Сабыр Иптаровдун архивинен.