«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

8 Апрель 2016
 Апрель 8, 2016

2016-жылдын Кыргызстанда тарых жана
маданият жылыдеп жарыяланышына карата

Өлбөс руханий байлык жана таза
ниет үрөнүн сепкен маданияттын баба дыйканы

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан 2016- жылдын тарых жана маданият жылы деп жарыяланышы, өлкөнүн маданий коомчулугу кыргыз элинин тарыхына жана көөнөрбөс маданиятына жаңыча мамиленин, өткөн тарыхыбызды сактоо, баалоо менен катар улуттук, элдик маданиятыбызды өнүктүрүү, жайылтуу, даңазалоого багытталган жана маданият кызматкерлерине болгон мамлекеттик камкордуктун жаңы этабынын башталышы катары кабыл алынды.
Тарыхын сыйлабаган элдин келечеги жок деп айтылат элибизде. Ошондуктан, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин эскерүү, алардын эмгектерине татыктуу баа берүү да маданият жылынын маани-маңызына төп келишет.

Көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик жана чыгармачыл ишмер, жазуучу жана көркөм котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн» Эл аралык сыйлыгынын ээси, совет доорунан кийин, базар экономикасынын татаал социалдык жана экономикалык шарттарында капшыты оюлуп бараткан рухий дөөлөттөрдүн ордун толтуруу, калыптандыруу, кылымдарды карыткан кутман кыргыз элинин маданиятын дүйнөнүн башка элдерине таанытуу, жайылтуу, жаш, эгемен өлкөбүздүн чет элдер, эл аралык уюмдар менен маданий, дипломатиялык кызматташууларын өнүктүрүү жаатында жигердүү салым кошо алган, рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын негиздөөчүсү, эли-журтунун алдында талыкпай кызмат өтөгөн Акун Токтосартов агабыз атпай кыргыз журтуна, эл аралык коомчулукка аттын кашкасындай таанымал инсан эле.
Өз заманынын терең ойчулу, орус жана дүйнө адабиятынын классиги Лев Николаевич Толстойдун мындай деп айтканы бар: «Бу турмушта учарга канатсыз, ордунан көчүк көтөралбас оор кишилер бар, алар боортоктоп жашашат. Өз канатын жылдап өзү өстүргөндөр болот – алар жапыз учушат. Канаты жеңил адамдар бар. Булар бат учуп, бат конушат. Канаты жазы, карысы күчтүүлөр болот – алар бийик жана узак учушат». Бул гений жазуучунун сөзү менен айтканда, Акун аганын кыргыз маданий дөөлөттөрүнүн калыптанышына өсүп-өнүгүүсүнө, элибиздин руханий байлык көрөңгөсүнүн байышына багытталган эмгегинин үзүрү, анын канаты жазы, карысы күчтүү инсандардын алдыңкы катарында тургандыгынын таасын далили.
Советтик Кыргызстандын маданият министрлигинин жооптуу кызматкери, министрдин биринчи орун басары, министр, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысы, Токтогул атындагы мамлекеттик филармониянын директору, «Манас айылы» ишкер долбоорунун Башкы директору, «Руханият» ассоциациясынын Президенти ушул жетекчилик кызматтарда 40 жылдан ашуун эмгектенген, даанышмандыгы, акылгөй жана көрөгөчтүгү, ички дүйнөсүнүн бай азыгы, жөнөкөйлүгү, улуу-кичүүгө жасаган өтө аяр мамилеси, өзүнө гана таандык нукура дипломатиясы, жан-дүйнөсү менен жуурулушуп турган өзгөчө маданияттуулугу менен айырмаланган Акун ага кайсыл гана кызматта иштебесин, күч-кубатын, билим-тажрыйбасын калктын руханий байлыгын арттырууга, кыргыз элинин маданий баалуулуктарын сактоого жана жайылтууга арнаган.
Анын жетекчилиги астында убагында республиканын борборунда жана региондорунда ондогон маданий объекттердин курулушу, чыгаан таланттардын мемориалдык музейлеринин, комплекстеринин ачылышы, чыгармачыл жамааттардын түзүлүшү, музыка, театр жана сүрөт искусстволору тармагында республикалык сыйлыктардын, искусство ишмерлеринин союздарынын, академиялык жана профессионалдык студиялардын ачылышы, таланттуу өнөр ээлеринин жана маданият кызматкерлеринин эмгектерин баалоого шарттардын түзүлүүсү, кыргыз маданиятын, искусствосун чет элдерге таанытуу, ошол эле учурда, республиканын калкын дүйнөнүн башка элдеринин маданияты менен жакындан тааныштыруу максатында чыгармачыл коллективдердин гастролдорунун уюштурулушу жана башка толуп жаткан маданий иш чаралардын аткарылышы анын айкын күбөсү десек жаңылышпайбыз.
«Руханият» ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мамлекеттик туунун, Гимндин, Гербдин бет ачар аземдеринин презентациялары өткөрүлүп, «Тынчтык жана элдердин ортосундагы ынтымак үчүн», «Жылдын адамы», «Курманжан датка», «Руханият», «Жылдын бизнесмени» сыйлыктары уюштурулуп, алардын республиканын, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын эң көрүнүктүү ишмерлерине ыйгарылышы, сыйлык тапшыруу аземдеринин коомдук, массалык маалымат каражаттары, дипломатиялык миссиялар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу өтүүсүнүн салтка айлануусу — Кыргыз Республикасынын коомдук, маданий турмушундагы жана анын дипломатиялык алакаларын бекемдөө, өнүктүрүү жаатындагы орчундуу иш чаралардан болгон эле.
Мамлекеттик жана коомдук кызмат менен катар чыгармачылык өнөрдү да кошо ала жүргөн инсандын калеминен жаралган бир нече адабий чыгармалар жана совет адабиятынын таланттуу өкүлдөрүнүн чыгармаларынын кыргызча котормолору жарык көрдү. Алардын катарында «Рух чабыты», «Тагдырдын таржымалдары», «Мезгил жана Адамдар», «Руханият» ассоциациясынын ишмердүүлүгүн чагылдырган китеп, альбомдорду, «Жылдыздуу түндөр» романын, «Чагылган» прозалар жыйнагын, Ассоциация басмадан чыгарган Ч.Айтматовдун чыгармалар жыйнагынын 8 томдугун, И.Раззаковдун 2 томдугун, С.Жусуевдин «Курманжан датка» романын, Ж.Мавлянов, К.Ташбаев, К.Сактанов, С.Шамбаев, Б.Ешмамбетов, Ш.Исмаилов сыяктуу авторлордун чыгармаларын, мемуарларын атоого болот.
Анын башкаларды ынандыруу, өзүнө тартуу, жалпы кызыкчылык үчүн жагымдуу жагдайларды түзүүдөгү дипломатиясы таң калтырбай койбойт. Өлкөдөгү бир дагы коомдук уюм «Руханият» ассоциациясындай мамлекеттик, саясий, маданий, коомдук жана бизнес ишмерлерин бириктире албагандыгы белгилүү. Ассоциацияга Ч.Айтматов баштаган маданият, чыгармачылык, искусство жана илим, билим тармактарында аттары дүйнөгө белгилүү инсандардын мүчө болуп кирүүлөрү, анын эл аралык деңгээлде тааныла алуусуна зор өбөлгө түзгөн.
Кыргыз улуттук маданиятынын жана искусствосунун чыгаан өкүлдөрү Ч.Айтматов, М.Рыскулов, С.Эралиев, С.Жусуев, Т.Касымбеков, Ж.Мамытов, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, Т.Садыков, Т.Абдымомунов, К.Молдобасанов С.Жумадылов, С.Чокморов, Б.Миңжылкыев, А.Жумакматов, Д.Садырбаев ж.б. көптөгөн инсандар менен эриш-аркак иштешип, алардын кеп-кеңешин, насааттарын угууга күбө болуу бактысы Акун агага, бир чети Жараткандын берген чоң тартуусу (себеби эки кылымга таандык эбегейсиз зор таланттар менен насиптеш, кесиптеш болуу бактысы бардык эле адамдарга буюра бербейт эмеспи) болсо, бир чети анын адамдык бийик касиетинин белгиси деп айтсак болот.
Акун аганын турмуштук тажрыйбасы бай, таланттуу уюштуруучу экени да талашсыз. «Жасай турган ишиң максаттуу, чөйрөң үчүн пайдалуу боло турган болсо, эч качан аны чоң, кичинеге бөлбө, баарына бирдей жоопкерчилик менен карагын, ошондо гана анын жыйынтыгынын үзүрүн көрөсүң» – деп ар дайым жаштарга берген насааты, анын өзүнүн да турмушунда принципиалдуу карманган позициясы болучу. Ошондуктан, ал канча кыйынчылыкка турса да, баш калаабызда эки кабат мечиттин жана медресенин курулушун бүткөрүүгө жетише алды жана ыйман маселесине астейдил көңүл буруу менен советтик атеизм саясатынын ислам дининин тарбиялык маанисине тийгизип келген терс таасирлеринен арылуу багытындагы ишмердиги анын дин маданиятын коомчулуктун туура кабыл алуусуна кошкон салымын белгилейт.
Акун ага табият тартуулаган өзгөчө кең пейил, мееримдүү мүнөзү менен уул-кыздарын да мезгил талабына шайкеш, ыймандуу тарбиялап өстүрдү. Ага-тууган, улуу-кичүү, алыс-жакын, жоро-жолдошторун ар дайым тегерегине топтоп, аларга колунан келишинче моралдык да, материалдык да жардамын аябаган адам эле. Айрыкча, жаштардын келечектен өз орундарын табуусу үчүн көргөн ынтызар камкордугу, өзүнүн өрнөктүү турмуш жолунда топтогон бай тажрыйбасын, билимин, акылын аларды тарбиялоого арнагандыгы анын нукура даанышмандыгынан кабар берип турчу.
Көзү тирүү болгондо, быйыл 15-мартта Акун ага 75 жашка чыкмак. Бирок, шум ажал аны үч жыл башта арабыздан алып кетти. 2011-жылдын июнь айында кичи мекени Кара-Кулжа жергесинде, анын 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленген күндөрдөгү Акун аганын бактылуу учурлары туурасында, иш чараны өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун мүчөсүжана алып баруучулук милдетти аткарган адам катары андагы мааракенин өтүшү жөнүндө азын-оолак сөз кылууну туура көрүп олтурам.
Юбилярдын дарегине жалаң жакшылык, узак өмүр жана бактылуу карылык каалаган жагымдуу куттуктоолор жаңырган ал күндөрү, андан эки жыл өтүп-өтпөй, катуу оорудан анын а дүйнө салары жөнүндө эч ким ойлобогон чыгар. Туулуп өскөн айылы — айтылуу Алайкунун Көңдүгүнөн тартып, Кыргызстандын алыс-жакын региондорунан келген меймандардын, жакын адамдарынын, досторунун, уул-кыз, неберелеринин кучагында Акун ага анда өзгөчө кадыр-сыйга, урматка бөлөнүп, көкүрөгү сүйүнүчкө толуп жүргөн эле. Адатындай жайдары жылмайып, мага: «Бу, айылыбызда өткөрүп жаткан тоюбуз кийинчереек, кудай буюрса, Бишкекте боло турган расмий иш-чаранын башкы репетициясы экендигин унутпа, көңүлгө алынчу ар бир учурду эсиңе сактап калууга аракет жаса, балам» — дегени али да ошол күндөгүдөй көз алдымда.
Тилекке каршы, Акун аганын андагы кыялында, көңүлүндө баккан купуя тилектери ишке ашпай калды. А чындыгында, Акун Токтосартовдун мамлекеттик, коомдук ишмер, коммунисттик партиянын союздук республика элдерин бирдиктүү советтик улутка айландырууга багытталган саясий идеологиясынан жапа тарткан кыргыз улуттук маданиятын калыптандыруу, жайылтуу жана өнүктүрүүнүн үстүндө үзүрлүү эмгектенген, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген, руханий байлык менен ниеттин тазалыгын туу туткан («Рух – а – ният») бараандуу инсан экендиги эске алынып, анын 70 жылдык мааракесин тийиштүү сый-сыпаттардын коштоосунда республикалык деңгээлде өткөрүү мамлекеттик иш чара болуусу абзел эле.
Бирок, андай болбоду, бул жолу да канга сиңген кайдыгерликтин кесепети тийди. Каргыш тийген бул жаман адаттан арыла албай келебиз (же арылууга ниетибиз жокпу), дагы канча мезгил анын зыянын тартабыз эч ким айта албайт. Ар дайым, артынан өкүнгөн болуп өзүбүздү өзүбүз алдаган көңүл жоотмой мамиленин айынан эчен чыгаан уул-кыздардын эмгектери убагында бааланбай, эске алынбай калган учурлар болбодубу. Ошол эле учурда, ондогон жылдар бою өз көмөчүнө күл тарткандардын заманында тааныш-тамыр, кошоматчылар менен көрөр көздөргө жогорку мамлекеттик сыйлыктардын байма-бай берилип келгендиги да турмуш чындыгы эмеспи.Мындай мүчүлүштүктөр тууралу коомчулукта кезинде көп эле айтылып келди, бирок аны оңдоо ниети акыркы 3-4 жылда гана сезилип, оңду-солду сыйлык таратмайга мараторийдин жарыяланышы жакшы жышаананын белгиси болду.
Көзү өтүп кеткенден кийин мактап жатып калмай, бирөөнүн эмгегин, абройун, талантын жеке өзүн рекламалоо үчүн пайдаланмай, бүгүнкү күндөгү адамдык маданияты, акыл парасаты тайыз, бирок дымагы күчтүү майда адамдар үчүн адаттагы эле көрүнүшкө айланып калбадыбы. Ошентсе да, саясаттын сасык оюндарынан алыс, таза, калыс, жарандык, бүгүн биз багыт алып олтурган демократиялык принциптер үстүмдүк кылуучу коомдук системаны курууга жетишмейинче, андай жаман адаттардан арыла албашыбызды бөркүбүздөй эле көргөнүбүз оң экендиги да талашсыз. Андыктан, өз ата журтунда пайгамбар аталуу мүмкүнчүлүгү биздин өлкөгө да тиешелүү болуп келгендигин моюнга албоого арга жок.
Район борборундагы Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүнүн фойесинде жайгаштырылган «Акун Токтосартовго 70 жыл – каректе калган элестер» фото-көргөзмөсүнүн «Мезгил учат улам алга жетелеп», «Кыргызстандын залкарлары», «Ч.Айтматов – адамзаттын даанышманы», «Кызматташтыктын жолу менен», «Маданият, руханият мейкиндигинде» аттуу секцияларда Акун аганын жаштыгын, билим алууга умтулуу, интеллектуалдык калыптануу учурун, комсомолдук, партиялык жана маданият тармагындагы кызматтарда аткарган иштерин, коомдук жана мамлекеттик ишмердигин, заманыбыздын залкар инсандары менен болгон эриш-аркак мамилесин, дегеле, каармандын 70 жыл аралыгында басып өткөн ары өрнөктүү, ары маңыздуу жана кызыктуу өмүр жолун камтыган сүрөттөр түрмөгү — бул арада өлкөнүн маданий жана коомдук турмушунда орун алган позитивдүү өзгөрүүлөрдөн да кабар берип турган.
Фото-көргөзмөдөн соң Кыргыз Республикасынын маданиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору, белгилүү режиссер, драматург, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы М.Шаршенбаевдин жетекчилигинде юбилярга арналып тартылып жаткан «Алайкудан ааламга» аттуу даректүү кинотасманын («Өскөн жер», «Маданият майданында», «Ч.Айтматов менен жолугушуулар», «Дүйнөлүк инсандардын арасында» деген жана «Руханият» ассоциациясына арналган беш бөлүмдөн турат) Ч.Айтматов менен болгон мамилелерге байланыштуу бөлүмү көргөзүлдү. Тасмада улуу жазуучу, залкар ойчул менен чыгаан маданият ишмеринин кыргыз маданиятынын бүгүнкүсү, эртеңкиси жана келечеги үчүн көргөн камкордуктары жөнүндө баян камтылып, анын өзөгүн Ч.Айтматов чыгармаларында даана жазгандай, тоолордо, тоо арасындагы талааларда өмүр өткөргөн, тоолордой бийик, сүрдүү жана сырдуу, өзгөчө улуттук касиетке ээ кыргыз элинин бул эки уулунун татыктуу эмгектерин чагылдыруу идеясы түзгөн экен.
Тасманы көрүп олтуруп Алайкудан ааламга аттанган Акун аганын Айтматов ааламына сүңгүп кирип, улуу жазуучунун талантынын кулу, замандашы гана болбостон, анын жакын шакирти, сырдашы боло алгандыгына, ага устаты, кумири, жана улуу агасы катары бөтөнчө урмат-сый менен мамиле жасарына дагы бир жолу ынангам жана айткан сөздөрүнөн Ч.Айтматовдун чыгармачылык жана адамдык дараметине жогору баа берүү менен анын деңгээлинде ой жүгүртүүгө, улуттун тарыхын баалап, сүйүүдө андан үлгү алууга жана өлкө маданиятынын келечегине кайдыгер карабоого үндөгөн чакырыкты баамдагам.
2008-жылы улуу ойчулдун 80 жылдык маарекесине карата «Руханият» ассоциациясы тарабынан биринчи жолу кыргыз тилинде басылып чыккан чыгармалар жыйнагынын 8 томдугу кыргыз коомчулугунда Акун аганын Чынгыз Айтматовго терең урматы, совет мезгилинен кийинки кыргыз басмасындагы чоң жаңылык катары кабыл алынган. Ал эми 2013-жылы Ч.Айтматовдун 85 жылдык мааракесин утурлай жазып жаткан китебинин аягына чыгууга Акун ага үлгүрбөй калды.
Салтанаттуу жыйында сөз сүйлөгөн белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, академик, дасыккан нейрохирург, Кыргыз Эл баатыры М.Мамытов өз сөзүндө Акун аганын жөнөкөй жана ак пейил адамдык касиеттерин өзгөчө ызаттап өзүнөн кичүү болсо да «аке» деп кайрыларын, хирургдун макисинин бир гана мизи боло турган болсо, досунун айткан сөзүнүн миң кыры бар экендигине токтолсо, Эл артисттери Т.Казаков, Т.Эшбаев, К.Турапов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, төкмө акын Р.Козукеевдер чыгармачылыктын жана аткаруучулук өнөрдүн бийик көркөм-эстетикалык тепкичтерине жетүүдө Акун аганын көрөгөч жетекчи, даанышман насаатчы катары берген кеп-кеңештеринин чоң таасири тийгендигин белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришкен.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын К.Ташбаев, Ош облусунун губернатору С.Жээнбеков, Ош шаарынын вице-мэри А.Жолдошалиев, Кара-Кулжа районунун акими С.Байымбетов, «Кыргыз энциклопедиясынын» башкы редакциясынын башкы редакторунун 1-орун басары Д.Андашев, юбилярдын агалары — З.Жамашев, С.Көкөев, Ш.Ысмаилов, достору — А.Карашев, М.Кадыралиев, И.Жусубалиев, инилери — белгилүү ишкер Т.Мамашев, акын М.Алиев, Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Исаковдор А.Токтосартовдун маданият жаатындагы сиңирген эмгегине, улуу-кичүүгө жасаган бирдей сый мамилесине, «Руханият» ассоциациясынын рухий дөөлөттөрдү жаратууда көмөк көрсөтүү багытында аткарган алгылыктуу ишмердигине баа беришкен. Салтанаттуу жыйындын биринчи бөлүгү Акун аганын «Алайку», «Жердештериме кат» деген кусалык, сагыныч, сүйүүгө толгон ыр саптарын эргип окуп берүүсү менен аяктаган.
А.Токтосартов атындагы райондук китепканада уланган иш-чара салтанаттын экинчи бөлүгү болгон эле. Курулуш долбоорунан баштап, аны ишке берүүдө, китеп фондун толуктоодо жана бүгүнкү күндө республикадагы эң алдыңкы китепканалардын катарында райондун элинин маданиятын, билимин, интеллектуалдык көрөңгөсүн байытууда алгылыктуу иш алып барып жатуусуна Акун аганын түздөн-түз тиешеси бар экендиги тууралу директор М. Сагынбаева сыймыктануу менен айтып берип, учурда китепкана райондогу негизги маданий, илимий борборго эле айланбастан, калктын руханий азыктанууларынын негизги булагы болуп калгандыгын облуска болгон иш сапарынын учурунда атайын келип кеткен Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева да баса белгилегенин кабарлаган.
Китепкананын экинчи кабатындагы окуу залында балдар бакчасынын кичинекей тарбиялануучуларынын ыр, бий менен тосуп алуулары юбилярды өзгөчө толкундантып, алардын балалык таптаза ниетте айткан куттуктоолоруна жаш баладай көңүлү эргип, жашоолору ар дайым бакытка бөлөнүп, жүздөрүнөн күлкү кетпей, келечектин ээси болууларын тилеп бөбөктөргө аталык батасын берген.
Юбилярды куттуктап таятасы Рыспай Абдыкадыровдун «Сагынуу» деген ырын Назикбек Жылкычы уулунун комуздун коштоосунда аткарып берүүсү көпчүлүктүн көңүлүнөн көпкө орун ала турган окуялардан болгон эле. Сурамжыласам, Назикбек анча-мынча тар чөйрөдө бирин-экин ырдаганы болбосо эл алдына батынып чыга элек экен. Р.Абдыкадыровдун небересинин аткаруучулук өнөрдүн сыйкырдуу дүйнөсүнө кадам таштоодогу тушоосунун так ушул китепканада кесилип жатышы да өзүнчө символикалуу көрүнүш катары кабыл алынган. Мотурайган, үнү, турпаты, өңү-түсү да Рыспай акени элестетип турган бул жаш жигит дитин коюп ыр дүйнөсүнө аралашса, татыктуу музыкалык билим алса, угуучуларга келечекте мыкты аткаруучу боло ала тургандай таасир калтырган.
Акун ага курдашы Р.Абдыкадыров теңдешсиз музыкант, обончу, аткаруучу болгондугун, өнөрү менен кыргыз элинин сыймыгына айлангандыгын, анын кайталангыс, көөнөрбөс чыгармалары музыкалык искусствонун түбөлүктүү мурасы болуп каларын, эгерде ал дүйнөдөн эрте кетпегенде, Назикбекке ушул жылы Бишкектеги улуттук филармониянын чоң залында таятасынын ырларынан анын 70 жылдык мааракесине арнап аткарып берүү бактысы туш келмектигин айтып, ырымына жаш уландын колуна тыйын карматып, өнөрүң өссүн деп аталык батасын берген, чын дилинен ийгилик каалаган.
Табигатынан абдан кыраакы, ар кандай аракетти кубаттап, баалаган, эч кимдин көңүлүн калтырбаган инсан эле Акун ага, а тургай, эгерде кимдир бирөөдөн жүрөк ооруткан сөз угуп, же болбосо анын түркөй мамилесине туш келсе да ага жаман айтканын укпадым, тескерисинче, ойлонбой айтылган орой сөздөргө маани бербегиле дечү, адам көңүлүнүн гүл экенин башкача сезип, башкача мамиле жасачу. Кабагынан кар жаабай, Алайкунун гүлкайырларындай жылуулук чачып турчу. Ошондой эле, андай экени баарыбызга жакчу, баарыбыз ал жылуулукту сезчүбүз, бир эле жолугуп, маектешкен адамдын да чери жазылчу. Көңүлү куш, көөдөнү кенен адамдар гана ушундай касиеттерге ээ боло алышса керек. Анткени, өлбөс руханий байлык менен таза ниет үрөнүн сээп, өстүрүү ар бир эле кишинин колунан келе бербейт эмеспи.
Расмий салтанаттан кийин салт боюнча ресторанда атайын жайылган дасторкондон коноктор даам татып, жогоруда аттары аталган таланттуу чыгармачыл адамдардын, «Кыз-Бурак» эстрадалык тобунун, Ош мамлекеттик драма театрынын жана жергиликтүү маданият үйүнүн өнөр чеберлеринин аткарууларындагы шаңдуу жаңырган музыканын коштоосунда ар дайым сөзүнөн да, ишинен да, мамилесинен да, турган турпатынан да бийик инсандык маданияттын үлгүсү көрүнүп турган Акун ага кеченин көркү болуп жүргөн эле.
Кече аяктаары менен, аны эле күтүп тургандай көнөктөп жамгыр төгүп баштады. Тоонун жамгыры бир күчөп алса көпкө жаайт. Капкараңгы түндө жаандан ого бетер карарып көрүнгөн асфальт жолду каптап аккан жамгыр сууларынын дөңгөлөк алдынан серпилген чачырандылары машиненин фараларынын жарыгында бир көтөрүлүп барып кайра түшкөн оргума (фонтан) суусундай элес калтырат. Чалчыктан көрүнбөй калган чуңкурлардын азабын тартып бараткан айдоочу баланын анда-мында күбүрөнүп наалыганы эле болбосо, машинедегилердин ар кимиси өз ойлору менен алек.
Алдыңкы орундукта Акун аганын досу, мен көптөн бери билген Карыбек ага. Кичи мекени мына ушу биз азыр өтүп бара жаткан Мырза-Аке айылы. 1962-жылы Кара-Кулжада Акун ага менен капыстан таанышып, ошондон бери бири-бирин өтө урматтаган, ишенген достордон болуп келаткандарын өзүнөн уккам. Досунун оюндагысын айттырбай билет, ачуу, таттуу күндөрдө дайыма жанында, бир туугандардай жакын экендиктери сый мамилелеринен көрүнүп турат. Терең ойдун кучагына кирип алгандай унчукпай келе жатат. Адатта, жамгыр жааганда үйдө олтурганда, же машинеде баратканда адам уйкуга тартылат, кыялга батасың, мындай учурда мага дайыма табийгат атайын эс алып алууга адам баласына шарт түзүп жаткандай туюлат. Биз, адамдар, андай мүмкүнчүлүктү пайдаланууну этибарыбызга албайбыз, ар дайым шашып турабыз, эмнеге, кайда шашабыз… а мүмкүн, жамгыр, чын эле биз бүтпөгөн иш менен арзыбаган көр оокаттын убаракерчилигинен бошонуп, чер жаза бир уктап алуубуз үчүн жаайттыр…
Көздөрүн жумуп, орундукка чалкалай сүйөнүп алган Акун аганын же ойго батып, же уктап баратканы билинбейт. Абдан чарчады, кыргыз үчүн той берүү, мейман күтүү, өзгөчө даярдыкты талап кылат эмеспи, анын үстүнө, бир күндө үч чоң иш-чараны өткөрүүгө чыдаш да оңой эмес. А мүмкүн, Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн бириктирген бул кан жол менен кырчындай жаш кезинде чоң максаттардын жетегинде биринчи жолу ордо калааны көздөй жол тартканынан баштап бүгүнкү жердештеринин алдында отчет берген күнүнө чейинки өткөргөн өмүр жолунун маани-маңызын талдап келаткандыр… Жол жүргөндөгү ой-кыял менен жол учугу, бара турган жерге жеткенде гана биригет, мына азыр биздин жолубуз да, оюбуз да Салам-Аликке барганда токтойт.
Бишкектен, алыстан келген коноктор тоонун таза абасынан дем алып Салам-Аликте эс алышсын деп камкордук көрүп коюшкандыктарына Акун ага өзүн сыйлап-урматтаган инилерине, анын көңүлүнүн шай болушу үчүн учуп-күйүп аракет жасап чуркап жүрүшкөн уул-кыздарына ыраазы. Биз Салам-Аликке баратабыз. Жамгыр барган сайын күчөдү, басыла турган түрү жок, чакалап төккөндөй жаап жатат. Жарыктык жаратылыштын эмнеге мынча көз жашын төгүп, бушайманга түшүп жатканына акыл жетпейт…
Алайкуда да жамгыр төгүп жаткандыр деп коем өзүмчө ичиркене, жайлоодо ачык асманды түнөк кылган мал-жандын сөөгүнө суу өтүп, жандыктын ичи көөп кетчү эле мындайда. Апам адаттагысындай кечки намазынан кийин ачынып алган неберелерин кымтылап коюп, өзү да кызуу уйкудадыр. Жамгыр…жол…ой… Акун ага да уктап кетти, кыйналбай, жүк баспай жеңил уктап жатканы дем алганынан сезилип турат, демек көңүлү жай, бүгүнкү өткөн иш-чаранын жыйынтыгына ыраазы.
Салам-Аликте жамгыр ого бетер күчөп жаап жатыптыр, катуу шамалдан электр жарыгы эбак эле өчкөн экен. Андыктан, меймандар эрте жатып эс алууну чечишкендигин айтышты бизди тосуп алган конок үйдү тейлеген жаш жубайлар. Бир аз сүйлөшкөнчө эс алалы деген Акун аганын сунушу менен түрлүү даам жайнаган үстөлдөн орун алдык.
Сөздү Карыбек ага баштады. Бу кишинин дегеле бериле көп сүйлөгөнүн көрө элекмин. Ар дайым кыска сүйлөйт, көп угат. Ресторандагы сый тамактын үстүндө да бир эле ооз сөз айтты. «Досумдун муштумдай жүрөгүнө бүт аалам сыят!» деди. Укмуштай так айтты, бир сөз менен бир күн кечке айтылган сөздөргө чекит койгондой болду .
Маек көпкө уланып, эстен кетпес өзгөчө кадыр түн болду.
Сыртка чыктык, таң агарып, жамгыр сээлдеп баратыптыр.

Жоробек Борбодоев,
педагогика илимдеринин кандидаты

Comments are closed.