«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

9 Июль 2019
 Июль 9, 2019

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

АКУН ТОКТОСАРТОВДУ ЖОКТОО

Көз жашка каалгып турат муң,
Көкүрөк мыкчып туят муң.
Ала-Тоо койну мелтиреп,
Асылдан көптү узаттың.
Арабыздан бөлүндү
Бүгүн Атасы «Руханияттын».

Жүзүбүз чайып турат муң,
Жүрөктү мыкчып туят муң.
Улуу тоо койну мелтиреп,
Укмуштан көптү узаттың.
Катарыбыздан бөлүндү
Аттиң,
Капкасы «Руханияттын».

Көк асман көздөн тунарып,
Көпчүлүк турат муңайып.
Көздөрдүн жашы сызылып,
Көөдөндү санаа, бук алып.
Адамдан айрып адамды –
Ажалдын жолу караңгы,
Аргасын кандай кылалык?

Асылды колдон алдырдык,
Алтындай Акун агабыз –
Ардагыбыздан айрылдык.
Кечээ эле,
Бет маңдайлаша олтурган,
Бешенебизди толтурган
Беренибизден айрылдык.

Төрлөрүн Кара-Кулжанын
Төгүлүп келет ырдагың.
Жайлоосун Кара-Кулжанын
Жазылып келет ырдагың.
Жарашып турган болуму,
Жайлоонун артык сонуну.
Бетеге белден буралган,
Алай-Куу менен Көңдүктүн
Адырын жамгыр сугарган.
Четинен кыя өтө албай,
Чер жазып көңүл кубанган.
Ардактуу Акун акени
Ар күнү жоктоп эстетээр
Ак булут көктө чубалган.

Апакай мөңгү кашкайып,
Алыстан көзгө урунган.
Балалыгың өткөн жер –
Бакытың алгач сунулган.
Көк шибер баскан жайлоодон
Көрүнбөй эми элесиң,
Көздөрдүн жашы куюлган.

Күтүүсүз соккон шамалдай
Күйүткө түштүк карандай.
Күмүштөй бир боор асылды
Күн чыкканда табалбай

Өйдөтөн асман түнөрүп,
Өкүткө арман сүйөнүп,
Акундай залкар асылдан,
Арман күн, ажырап калдык түбөлүк.

Жаркып турган бул дүйнө
Жалгандыгын ким билет?
Жан бүткөнгө бул өмүр
Армандагын ким билет?
Жан денеден кеткенче
Жалаңкычтай шум ажал
Кайдандыгын ким билет?

Катарыбыз уламдан
Суюлаарын түшүндүк.
Кара жаштын сел болуп
Куюлаарын түшүндүк.
Өлүмгө чейин курган жан
Өлбөөчүдөй түбөлүк
Туюлаарын түшүндүк.

Жан денеден кеткенче,
Жарык нуруң өчкөнчө,
Жар боюнан суу жүрүп,
Эшилээрин билбейбиз.
Жанда жүргөн кылычың
Кетилээрин билбейбиз.
Кадырлаган жибек тон
Кайран бойдон түбөлүк
Чечилээрин билбейбиз.

Оо, дүйнө,
Ушул да  сенин жарлыгың,
Жакын, жат деп санабай,
Жакшы экен деп аябай,
Жашына деле карабай,
Жутасың жандын бардыгын.
Асканы басса кум кылган
Алдырдык болот такадан.
Пейили жаздын гүлүндөй,
Сезими булбул тилиндей,
Айрылдык асыл атадан.

Ааламда нечен мыктынын
Ар качан жүрдүң сабында.
Дүрт этип кыргыз өнөрү,

Дүйнөнүн нечен шаарында.
Маанилүү мөмө өстүрүп,
Маданияттын багында,
Жаркытып жарык жылдызын,
Жаштарга көрдүң камылга.
Ачтыңыз элдик театр
Ал тургай элет, айылга.
Башчысы нечен элдердин
Баа берип жүрдү жаныңда.

Кечээги Союз маалында
Кенен жумуш кылдыңыз.
Кең чабыт берип өнөргө,
Келечек болуп турдуңуз.
Кыйла башка эл-жердин
Кыргызга көөнүн бурдуңуз.

Жанары жарык жүз менен
Жаздыңыз журттун капасын.
Эмгегиңиздин билебиз
Эч көөнөрбөй жашашын.
Өнөрдүн сизче ким билген
Өңүрү менен жакасын?!
Кечээ,
Токтогулдун тоюнда
Тоодой салым коштуңуз
Топ элдин алып батасын.

Аркалап өнөр тармагын,
Аткардың далай жумушту.
Ар түрдүү мыкты кадрлар
Артыңдан өсүп чыгышты.
Кесиптеш,теңтуш досторуң
Кереге болуп турушту.
Ошолор менен дагы да
Татышсаң болмок ырыскы.

Аңдып жүргөн илдетке
Таарындыңбы Эр жалгыз?
Амалы арбын ажалга
Багындыңбы Эр жалгыз?
Же акырет кеткен Забираң менен Толкунуң
Сагындыңбы Эр жалгыз?

Эми, сырдашканда төгүлүп,
Черибиз кимден жазылат

Сыйлашканда көрүшүп,
Демибиз кимден табылат?
Сүйлөшкөндө ачылып,
Кебибиз кимден табылат?
Лира, Чолпон, Клара –
Айчүрөктөй кыздардын
Армандуу үнү жаңырат.
Кайгырган уулуң Камалдин
Капасы кантип жазылат?
Аркаңда калган тууруңа,
Темирлан кенже уулуңа
Атасы кайдан табылат?

Жоготтук алтын саканы,
Жошулуп көздөн ачуу жаш,
Жоомарты маданияттын,
Жоктодук сиздей атаны.
Жакындардан кеп угам,
Жарык мүнөз, чечкиндүү,
Жапакеч болчу деп угам.
Жолдошторуңдан кеп угам,
Жолуна жорток чалдырбас
Жолборс эле деп угам.
Айылдаштардан кеп угам,
Алсыздан жардам аябас,
Алпейим эле деп угам.
Азилкечтерден кеп угам,
Арсызга жолун бастырбас,
Арыстан эле деп угам.

Жашыңдан атак, ат алып,
Жакшы тилек бата алып,
Келечекти так көрүп,
Кетирбеген каталык,
Так киши сиздей аз эле.
Адамгерчилик жагынан
Ак киши сиздей аз эле.
Кайраты канды жалтанткан,
Калыбы бошту калтаарткан,
Нак киши сиздей аз эле.

Кесиптин алтын чынарын
Кармаган сиздей аз болот.
Өйдө-төмөн жактарга
Барбаган сиздей аз болот.
Өз кесибин түбөлүк
Чанбаган сиздей аз болот.
Өмүрүн улуу иштерге
Арнаган сиздей аз болот.

Кандай да кыйын учурда
Кайратыңызды билчүмүн.
Кайгыга кабак бүркөбөс,
Калбаатыңызды билчүмүн.
Арстандан кирпик ирмебес,
Айбатыңызды билчүмүн.
Сиз сыйлаган залкарлар –
Тууганбай атам, Эстебес,
Аларды,
Туткактап эрчип жүрчүмүн.
Тутунган устаттарымдын,
Сизди,
Туткасы өңдүү сүйчүмүн.

Кечээ,
Ойноок бала кезимде –
Он бешке жашым жете элек.
Аргымак утуп айтыштан,
Анда мен бала эселек.
Сай күлүк кара жоргону
Сахнага чыгып жетелеп.
Өзүңүз сүйлөп тапшырган
Өткөн күн эстен кете элек.

Калдайган калың эл сыйлап,
Казак, кыргыз тең сыйлап,
Ынтымак үчүн иш кылдың
Батыш, Чыгыш жер сыйлап.
Капкасы Кара-Баргынын
Калк үчүн талбай иштеген.
Кадыр-баасы ишиңдин
Канча айтсам сөзүм бүтпөгөн.
Кадала жазган сиздей жок,
Кайышып койбой ооруга,
Калеми колдон түшпөгөн.

Эми,
Кымбаттуу жүзүң көрө албай,
Кызматташтар чогулуп,
Кызуу сүйлөп бере албай,
Кыйла идеаң бар эле
Кызылын тандап бөлө албай,

Кызыл тил, доош жок буулуп,
Кыйналган бойдон кайтышаар.
Кысылып батпай кеткенде
Кымбатыңды айтышаар.

Сепили бийик шаар элең,
Сезими тунук жан элең.
Кыз менен уулду өстүрүп,
Кымбаттуу күнгө жеткирип,
Кыйышпай турган шаң элең.
Алты капка шаар элең,
Акылы сергек жан элең.
Ордолуу үйдө өчпөгөн,
Ортодо тийген ай элең.

Эсилинен айрылып,
Эл-журтуң турат кайгырып.
Туткасынан айрылып,
Туугандар турат кайгырып –
Жетсеңиз кана кайран эр?!
Көп иштер турат алдыда,
Көрөгөч көсөм элеңиз –
Чечсеңиз кана кайран эр?!
Дос, жоро менен далай чай
Ичсеңиз кана кайран эр?!
Сиз өтчү дайра көп эле,
Кечсеңиз кана кайран эр?!
Сексен жашты той кылып,
Кетсеңиз кана кайран эр?!

Жакшыны Кудай аяса,
Жаннатка жаның баргандыр.
Пейилиңе караса,
Периште жолуң чалгандыр.
Алты кабат ужмактан
Астыңа килем салгандыр.
Ар түркүн даамын бейиштин
Алдыңа баарын жайгандыр.
Ардагыбыз келди деп,
Ата-энең тосуп алгандыр.

Ай жаркын, сылык элеңиз,
Ар күнү жоктой беребиз.
Бешенеңди көрбөйбүз,
Бейитиңе келебиз.
Ак жазгандан айла жок

Аргасыздан көнөбүз.
Үнүңдү кайдан угабыз,
Өңүңдү кайдан көрөбүз?

Арга жок Теңир жазганга,
Ар кимге ажал чектелет.
Ааламга келген ар бир жан
Акыры бир күн бет келет.
Ар күнү куран окушуп,
Он үч бирдей неберең
Атакелеп эскерет.

Жараткандан сурайбыз –
Жаннатта болсун жайыңыз.
Бейиштин көркөм төрүнүн
Берекесин табыңыз.
Эч качан эстен чыгарбай,
Эскеребиз баарыбыз.

Калтырдың Көңдүк айылды,
Калтырдың нечен шаарыңды…
Боор толготуп, нес кылып,
Боздоттуң үйүң-жайыңды.
Пейилиң таза жан элең,
Бейиштен берсин жайыңды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

59 − 50 =