«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

8 Апрель 2020
 Апрель 8, 2020
Категория: Новости

Сооронбай Жусуев 18 жашка толгондон кийин, аскерге чакырылып, саналуу күндөрдө байланышчы кесипти өздөштүрүп, согуш талаасына чоң жоопкерчилик менен кириптир.

«Жашым 18ге жеткенде аскерге алышты, Алайкуу деген тоолуу алыскы жерге туулганмын да. Аскер комиссариаты бизди жөө алып жөнөп, Кара-Сууга келдик, темир жолду, поездди ошондо биринчи жолу көрдүм. Анан Алматыдан согушка даярданып, пулемёт атканды үйрөтүп, 2-3 айдан кийин Москва аркылуу Ленинградга жеттик. Генерал Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга кабыл алынып, жөө жүрүп отуруп согуш талаасына келдик. Согуш бизди снаряддардын жарылганы, октун чуулдап учканы, пулемёттордун үнү менен тосуп алды. Мени жана таякем Усуп Беккулуевди 27-аткычтар полкуна бөлүп, пулемётчу эмес, байланышчы болосуң дешти. Ошентип, бул кесипти бир жуманын ичинде үйрөнүүгө туура келген», — деп айтып берди Сооронбай Жусуев.

Согушта байланышчы жоопкерчиликтүү иш, көптөрдүн, кээде бүтүндөй бир полктун тагдыры ага байланган учурлар болот.

«Тартылган линияларды араба, танк үзүп кетет, снаряд келип түшөт же мина жарылат, аны дароо улашың керек. Согуш талаасы — чуркап бара албайсың, турсаң, снайпердин бутасына  айланасың. Ошентип, жер менен жер болуп, боортоктоп жылып барып, линияны оңдойт элек», — деп эскерет ал кезди Сооронбай аксакал. 

Өмүр талашкан октор 

«Кырк жыл кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт» деп айтылат кыргызда. Биздин каарман ажалдын оозуна барып кайра тарткан учурлары арбын болуптур… 1944-жылы январда Насва деген аты эле калган бир темир жол станциясында дивизиясы чабуулга өтүп, тыптыйпыл болуп талкаланып калгандагы бир окуясын айтып берди.

«Чабуул болгондуктан, жер кепе казганга үлгүрбөй ар бирибиз окоп казып, алдыбызга карагайдын шагын төшөп, үстүбүзгө плащ-палатканын жамынып жатып калдык. Кар жаап турган, анан эле линия үзүлүп калды, таекем экөөбүз аларды туташтырганы сойлоп жөнөдүк. Снайперлер ары жактан карап турат. Бир топ машакаттан кийин үзүлгөн жерди улап, казылган траншея менен кайтып келсек, жаткан окоптун тымтыракайы чыккан. Көрсө, душмандын снаряды дал мен жаткан жерге түшүптүр. Болгон оокатым  — 2 граната, кургатылган нан, самын, тиш жуугучум, анан эң баалуусу – акын Жоомарт Бөкөнбаевден Кыргызстандан келген кат бар эле. Алардын чаңы асманга сапырылып калган экен», — деп айтып берди ошол кезде 20 жаштан жаңы ашкан  Жусуев.

Биздин каарман Жеңишти Латвиянын Салдус аттуу шаарында, салгылашта курман болгон майдандаштардын сөөгүн жерге берип тосуптур.

«Согушта эки ирет жарадар болдум. 1944-жылдын жай айында Латвиянын чек арасына киргенбиз, 13-сентябрда Риганы алдык. Ал Курлянд деген жарым аралда жайгашкан экен, салгылаш  узакка созулду. 1945-жылдын 8-майында согушту токтотуу боюнча буйрук алдык, Саудста өлгөн майдандаш жоокерлерди, офицерлерди жерге жашырып, 9-майды тостук», — деп эскерди ал ойлуу тарта. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 + = 19