«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Элеси элдин эсинде калган инсан- Рахманов Жумабек атабыз

27 Апрель 2020
 Апрель 27, 2020
Категория: Новости

Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн болгон улуу жеңишинин тарыхый 75 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө саналуу гана күндөр калды. Кимдин да болбосун көңүлүн чөгөртө турган нерсе- ага катышып, өзүнүн канын-жанын аябастан, баскынчылар менен салгылашып, жеңиштен кийин өздөрүнүн Ата журтуна аман-эсен кайтып келишкен миллиондогон кайраттуу жоокер- ардагерлердин басымдуу көпчүлүгү жылдан жылга азайып отуруп, учурда алардын саналуу гана топтору калды. Ошентип, өмүрдөн өтүп кеткендер, бул улуу майрамды көрбөй, арабызда жашап келе жатышкан аталарыбыз өзгөчө белгилешмекчи.

Айтаар кебибизди ушул чегинүүдөн баштап жатканыбыздын себеби ошол тосо албай калган майдангерлердин катарында Улуу Ата Мекендик согуштун активтүү катышуучусу, болгондо да, Октябрь революциясынын бешиги болуп, немистердин курчоосунда калган Ленинградды коргоп жаткан армиянын катарында баатырларча салгылашкан Жумабек Рахманов да бар.

Ал- 1921- жылы касиеттүү Ысык-Көлдун Түп районунун тоо койнундагы ажайып Токтоян айылында туулган. Жергиликтүү мектепти ийгиликтүү аяктап, анын башталгыч класстарынын мугалими болуп иштеп, өзүнүн эң алгачкы эмгек чыйырын чийет. Бирок, анын тынч ишмердигин 1941 жылдын июнь айында башталган согуш токтотуп, ал, кийинки жылдын мартында, Кызыл Армиянын катарына чакырылып, кан майданга аттанган. Бул учурду ал “Каардуу өрттү чечип …” деген эскерүүсүндө төмөнкүдөй баяндайт: “Көп ойлонуп отура албадым. Себеби, бейкут жаткан элимдин тынчтыгын бузуп, биздин көп улуттуу өлкөбүзгө кандуу колун салган фашисттик баскынчылардан өч алууну каардуу согуш башталган мезгилден тарта, өзүмдүн ыйык парзым катары эсептегем,”- деп жазган бул чыныгы патриот жигит.

Жумабек Рахманов адегенде, Иркутск облусундагы армиянын кенже командирлерин даярдоонун тездетилген курстарын бүтүргөндөн кийин, түз эле майданга жөнөтүлөт. Жаш жоокер ошол мезгилде гитлерчилердин тыгыз курчоосунда калган Ленинградды коргоп жаткан армиянын катарына кошулат. Тарыхта “Ленинград салгылашуусу” деп аталган бул кандуу кармаш 1941 жылдын 10 июлунда башталып, 1944 жылдын январь айына чейин созулган. Ал Волхов фронтунун 378- Күжүрмөн Кызыл Туулу аткычтар дивизиясына жөнөтүлүп, баскынчылар ээлеп алган Псков, Тихвин, Волховстрой шаарларын бошотууда өзүн тайманбас жоокер катары көрсөтө алган.

Кийин калың токойлорго жашынып алышып, биздин аскерлерди атып өлтүрө башташкан немистик снайперлерди издеп таап, аларды жок кылуу боюнча атайын түзүлгөн аткычтар тобуна улук сержант Ж.Рахманов да кошулат. Тандалып алынган снайперлер түн жамына, жашырын, душмандардын тылына жөнөтүлөт. Бул окуя Ленинград облусунун Борычье кыштагында болгон эле. Эртең менен эрте жоокерлер чабуулга өтүшүп, бирок зым торго жеткиче, бир нечеси окко учат. Ошондо Ж.Рахманов калгандарын өз артынан ээрчитип, тосмого биринчи болуп жетет. Жаракат алганына карабай, чекти бекем ээлеп, жоокерлерге жол ачат. Узун карагайга чыгып алып, аткылап жаткан коркунучтуу немис снайперин байкап калып, аны атып түшүрөт. Атайын уюштурулган бул операцияда көрсөткөн эрдиги Ленинград фронтунун 2- сокку уруучу армиясынын 1256-аткычтар полкунун буйругу менен, СССР Жогорку Советинин Президиумунун атынан, аскерлердин өтө баалуу деп эсептелген “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланат. Ал Ленинградды коргоодогу өз башынан кечиргендерин, көргөн-билгендерин, ички сезимин, 1995 жылы, Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына арналып жарык көргөн “Майдангер- баскан жол” деген китептеги макаласында: “Жеке өзүмдүн согуштагы эч качан унутулбай турган күндөрүмдүн бири- бул 1943 жылдын 14 январында, эртең мененки саат 4.30 дар чамасында, жапырт туруп, бир кишидей чабуулга өттүк. Муну- Ленинград жана Волхов фронтторуну 18- аткычтар дивизиясынын командачысы- генерал Николай Григорьевич Лященко кийин өзүнүн “Мезгил бизди тамдап алган” деген мемуарында биздин чаабулга өтүп, Лениградды фашисттик курчоодон бошотуудагы көрсөткөн эрдигибизге өттө чөң баа берип кеткен,-“ деп, сыймыктануу менен эскерип кеткен. Кийин, тынчтык заманында, ал өзүнүн генералы менен өттө тыгыз байланышта болгонуна атайын токтолуп кетебиз.

Согушта үч ирет жарадар болуп, госпиталдан-госпиталда даарыланып жүрүп, кайрадан майданга жөнөтүлбөй калган Ж.Рахманов 1944 жылдын ортосунда өз айылына аман-эсен кайтып, “Автоматын күрөккө алмаштырып,”- дегендей дароо эле тынч эмгекке киришип, өз колхозунун күнүмдүк чарбалык иштерине жандуу катыша баштайт. Мына, дал ушул учурдан тарта, анын дээрлик элүү жылды өз кучагына алган активтүү жетекчилик ишмердиги башталат.

Партиялык иштен өзүнүн уюштуруучулук шыгын, эл менен иштей билүүнү жакшы өздөштүргөн, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, үлгүлүү эмгектенип келген.

Жумабек Рахмановтын ойдөдө учкай белгиленип өткөн, Ленинград фронтундагы өзүнүн командачысы, биздин жердешибиз- Н.Г.Лященкого өзгөчө токтолуп кеткибиз келет. Ал кийин армиялык жогорку кызматтарга көтөрүлүп, Туркестан, Орто Азия аскер окруктарынын командачысы, Советтик Армиянын Генералдык штабынын инспекторы болуп иштеп турган. Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына карата ага армиянын генералы жана Советтер Союзунун Баатыры деген эң бийик наамдар ыйгарылган. Анын эки иниси менен карындашы Фрунзеде жашап тургандыктан, ал көптөгөн жылдар бою, эс алууга, Жети-Өгүз районундагы СССР Коргоо министрилигинин атактуу “Тамга” саноторийине келип турган. Н.Лященко келген сайын эреже катары, анын жоокери Жумабек Рахманов аксакалдын үйүнөн даам татмайын, кетчүү эмес. Алардын өз ара тыкыз байланыштары ондогон жылдарга созулуп өмүрлөрү өткөнчө үзүлгөн эмес. Жумабек Рахмановтун Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги менен өлкөнүн эл чарбасын өстүрүүдөгү эмгектик жетишкен ийгиликтери мамлекетибиз менен өкмөтүбүз тарабынан жогорку баага татып, 21 күжүрмөн жана эмгектик орден-медалдар, көптөгөн Ардак грамоталар, дипломдор, төш белгилер жана башка мааракелик сыйлыктарга татыктуу болгон. Жумабек Рахманов ондогон жылдар аралыгында, партиянын райондук, шаардык комитеттеринин мүчөлүгүнө, жергиликтүү советтердин депутаттыгына шайланып, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын мүчөсү болуп коомдук иштерге үзгүлтүксүз катышкан. Өзү жашап келген көчөсүнө Жумабек Рахмановдун аты ыйгарылган.

“Элге жаксаң- баркың чыгат, жакпасаң- тарпың чыгат”,- деп, абдан туура айтылгандай, Жумабек Рахманов жумурай-журттун чыныгы урмат-сыйына бөлөнүп жүрүп, 90 жашында өмүр менен коштоштуу. Жакшы адамдын аты өчпөйт деген ушул эмеспи!

Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

                        

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

+ 28 = 34