«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Чотонов Мамыт

2 Май 2020
 Май 2, 2020
Категория: Новости

Чотонов Мамыт  1923-жылы  18-октябрда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагында туулган. Ал 1941-жылдын аягында 18 жашка толуп, Улуу Ата-Мекендик согушка чакыртылып, Казахстандын Алматы шаарында үч айлык даярдоодон өткөндөн кийин 1942-жылдын башында согушка жөнөтүлгөн.

1942-1947 жылдары кандуу согушка катышып, Польша, Чехословакия, Югославия, Болгария, Румыния, Венгрия, Австрия, мамлекеттерин басып өтүп, Германия мамлектение чейин жеткен.  1945-жылы улуу жеңиштен кийин Германиянын Берлин, Гамбург, Халле, Лейпциг сыяктуу бир нече шаарларында 1947-жылга чейин контур чалгында кызмат өтөгөн.

Германияга киргенден баштап эле немис тилине өтө кызыгып,  кыска убакытта немис тилинде эркин сүйлөп калган, контур чалгында кызмат өтөгөнүнүн себеби да ошол немис тилин жакшы билгендигинде болгон.  

1946-жылы  ал кишинин басып өткөн жолу жана мүнөздөмөсү баардык тараптан туура келип, аскердик жетекчилик тарабынан аны Москва шаарына аскердик окууга жөнөтүү сунушу түшкөн, бирок жетим калган бир туугандарынан кабатыр болгонун билдиргенде, аны бир туугандарынан кабар алууга отпускага өз жерине жөнөткөн.

 

1946-жылы Кыргызстанга отпускага келип, бир туугандарынын оор акыбалда экендигин көрүп, кайра отпускадан Германияга Гамбруг шаарына баргандан кийин Москвага окууга баруудан баш тарткан. 1947-жылдын аягында Германиядан армиядан бошотулуп, өз жери Ош областынын Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө келип, орун очок ала баштаган.

1948-жылы үйлөнүп, ошол жылдан баштап Алайкуу өрөөнүндө колхоз, совхоздордо чарбалык кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, пенсияга чыккан.  

Үй-бүлөөлсүндө алты кыз , үч уулду чоңойтуп, жүзгө жакын небере, чөбөрөлүү болду. Уул-кыздарына жакшы, татыктуу тарбиялап, алардын баарына жогорку жана орто билим берди. Балдарына жана неберелерине өз мекенин сүйүүнү, патриот болууну жана элге, журтка ак кызмат кылууну ар дайым эскертип,  атуулдук милдетин ар дайым так аткарууга үндөп тарбиялаган. 

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучу жана ардагери катары көптөгөн граматалар жана  медалдар менен сыйланган, 1996-жылы жайында 73 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

 

Чотонов Мамыт 14 жашында  үч бир тууганы менен жетим калган. Атасы Кайыпов Чотон 1938-жылы  9-февралда Кыргыз ССРинин ИИЭК (УНКДВ) Алай-Гүлчө райондук чек арачылары тарабынан “Социал-Туран” партиясынын мүчөсү жана Кытай менен чектешкен “Читар-Таш” чек арасындагы Совет бийлигине каршы уюшкан  контрреволюциялык  уюмдун башчысы катары РСФСРдин кылмыш-жаза кодексинин 58/6, 50/5  беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кунөөлүү деп табылып кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Чотон Кайыпов Ош шаардык ИИЭКтин ички түрмөсүндө камакта отурган. 1938-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссариатынын жана Кыргыз ССРинин Прокукуратурасынын биргелешкен чечими менен РСФСРдин кылмыш-жаза кодексинин 58/6, 58/10 беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча  эн жогорку жазалоо чарасы атууга өкүм чыгарылган.

Жазалоо өкүмү 1938-жылдын 21-октябрында аткарылган. Жазалоо өкүмү кайсы жерде болгону жана сөөгү кайсы жерге коюлганы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Кайыпов Чотон 1989-жылы 16-январда акталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

− 1 = 1