«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Улуу адам жөнүндө Улуу журттун алдында!

24 Июль 2020
 Июль 24, 2020

Кыргызстандын тарыхында таланттуу жетекчи жана ири уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, маданий курулуштун, эл чарбасынын жана элдин турмуш жыргалчылыгын көтөрүүгө теңдешсиз салым кошкон жаркын инсан, Кыргыз элинин сыймыктуу кызы, чыгыштын акылман аялзаты Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгы!

Күлүйпа Кондучаловна ХХ кылымдагы кыргыз элинин залкар инсандарынын, Чыгыштын чыгаан айымдарынын бири, Ата Мекени, эли-журту үчүн кылым карытаар кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн, даңазасы эчен-эчен давандарды ашкан даанышман адам.

Күлүйпа Кондучаловна тагдырына жазылган тарыхый киши. Анткени өлкөбүздүн өнүгүү доорун дүңгүрөткөндөрдүн башкы сабында болуп, өмүр бою ат үстүнөн түшпөй, партиялык,советтик, комсомолдук органдарда жетекчилик кызматтарда жигердүү иштеп келген Күлүйпа эжебиздин ысмы кыргыз мамлекетинин бекемделиши, өлкөнүн экономикасынын, маданиятынын өсүшү менен тыкыс байланышкан.

Күлүйпа Кондучаловна маданиятыбызды, искусствобузду өстүрүүнүн жолун тынымсыз издеген талыкпас новатор. Профессионалдык искусствонун бардык жанрларынын багы ачылып, жарк эткен чыгармалар жаралып, айыл жергесинде маданий-агартуу комплекстери түзүлүп, элдик театр, филармония, музей, ансамбль, студия деген эл чыгармачылыгынын бийик тепкичтери пайда болуп, көркөм коллективдердин — конкурстары салтка айланып, маданият калкыбызды калың камарына сиңип, республикабыздын маданий турумушу улам жаңы формалар менен байып келсе, ошол тынымсыз өсүп – өнгүүгө туура багыт берип, анын натыйжалуулугун камсыз кылган Күлүйпа эжебиздин күжүрмөн эмгеги, көрөгөчсөдүгү болгон.

Күлүйпа Кондучаловна Ала-Тоо аймагындагы маданий курулуштун арыбаган архитектору, талыкпаган прорабы.

Эгерде, айыл жергесинен баштап, алыскы бийик тоолуу кыштоолордо клуб, китепканалар, райондордо, шаарларда маданият сарайлары, республиканын, областтардын борборлорунда театрлар, филармония, музейлер, окуу жайлары салынып, мемориалдык комплекстер, монументалдык эстеликтер тургузулуп, алар жалпы элибиздин кызыкчылыгына кызмат көрсөтүп жатса, мына ушундай татаал жана келечектүү жумуштардын башында Күлүйпа эже өзү тикеден-тике туруп, элибиздин руханий байлыгын байытууга кеңири шарт түзүп берди.

Атап айтсак, Күлүйпа Кондучалованын жетекчилиги менен баш калаабыз Бишкекте салынган Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын, Крупская атындагы орус академиялык драма театрынын, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын, Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинин, малекеттик цирктин имараттарынын, мындан тышкары Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма, Бабур атындагы өзбөк музыкалык-драма, Муратбек Рыскулов атындагы Ысык-Көлдрама театрларынын курулушу улуттук архитектурабыздын жаңы ачылыштарынын, курулуш уюмдарынын ийгиликтеринин, жалпы эле өлкөбүздүн маданиятынын жетишкендиктеринин таасын белгиси болуп калды.

Күлүйпа Кондучаловна өзүнүн нукура турпатында, акыл-сезиминде адамзат үчүн дайыма ыйык жана бийик болгон бир туугандыктын, достуктун жана ынтымактын анык жарчысы, бузулбас көпүрөсү болгон.

Күлүйпа Кондучаловна тунук акылы, асыл адамгерчилиги, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген жана жоопкерчиликти сезе билген кыраакылыгы менен Бүткүлсоюздук масштабдагы көркөм интеллигенциянын, мамлекеттик жетекчилердин арасында аябагандай абройго ээ болуп, зоболосу көккө көтөрүлгөн.

Мисалы, Күлүйпа Кондучаловнанын түздөн-түз чакыруулар менен Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СССРдин маданият министри Екатерина Фурцева, Социалисттик эмгектин Баатырлары, СССРдин Эл артисттери, композиторлор Дмитрий Шостакович, Василий Соловьев-Седой, Вано Мурадели, Александр Молчанов, хореограф Игорь Моисеев, дирижер Евгений Светланов, ырчылар Елена Образцова, Ирина Архипова, Мария Биешу, актерлор Михаил Царев, Михаил Ульянов, балерина Ольга Лепешинская, СССРдин Эл сүрөтчүлөрү , Лениндик жана СССРдин мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары Александр Кибальников, Михаил Аникушин, Юрий Чернов жана башка көрүнүкүү маданий ишмерлер Кыргызстанга келишип, жаңы чыгармаларды жаратуу менен көп улуттуу маданиятыбыздын, руханий дүйнөбүздүн байышына баа жеткис салымдарын кошушкан.

Кыргыз жергесинде жашаган калктардын маданиятынын кайрадан жаралышына жадабастан жардам көрсөтүп, театрлардын, концерттик уюмдардын репертуарын дүйнөлүк классика, башка улуттардын үлгү болгон чыгармалары менен байытып, кыргыз искусствосун дүйнөгө дүңгүрөтө таанытып, мекенибизде атактуу “Ала Тоо жазы” фестивалын, союздук республикаларда, бир катар чет өлкөлөрдө маданият күндөрүн жогорку деңгээлде өткөрүп, достукту, ынтымакты көркөм өнөр менен ширелтип, республикабыздын көп улуттуу маданиятынын түбөлүктүү санжырасын тарых бетине жаздырып салды.

Күлүйпа Кондучаловна чыныг патриот катары, ар кандай улуттардын өкүлдөрүнө өзгөчө мамиле жасаган сезимтал интернационалист катары калктын калың катмарынан кадыр-барк тапкан.

Ала-Тоо аймагындагы ак калпак кыргыздар менен жанаша жашап, колтукташа басып, Кыргызстандын музыка, театр, сүрөт искусствосунда, адабиятында мазмуну жана көркөмдүүлүгү жагынан бийик деңгээлдеги чыгармаларды жаратышкан Кыргызстандын Эл артисттери, композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере, Михаил Раухвергер, режиссерлор Роман Тихомиров, Владимир Васильев, актерлор Владимир Казаков, Галина Варнавских, Николай Ангаров, Леонид Ясиновский, СССРдин ээси Семен Чуйков, Эл сүрөчүлөрү Александр Игнатьев, Анатолий Арефьев, Теодор Герцен, Эл акыны Ясыр Шиваза сыяктуу чыгармачыл инсандар Күлүйпа Кондучалованын жетекчилик камкордугуна кабылышып, анын калыс жана маанилүү кеңештерине баса баа беришип, маданият айдыңында зор эргүү менен эмгектенишкен.

Күлүйпа Кондучалованын демилгесинин, конкреттүү иштеринин натыйжасында республикабызда искусство жана маданият кызматкерлерин даярдоонун бирдиктүү системасы түзүлүп Москва, Ленинград, Алматы, Ташкент шаарларында улуттук  студиялар, Бишкекте искусство институту, Ошто музыкалык окуу жайы, Жалалабатта маданият техникуму ачылып, алардан кыргыз жүзүн ааламга айгинелеген атактуу артисттердин, аткаруучулардын , композиторлордун, сүрөтчүлөрдүн, кинематографисттердин улам жаңы муундары өсүп чыкты. Эң негизгиси республикабыздын атайын билимдүү маданий адистерине болгон муктаждыгы мүмкүн болушунча канааттандырылды.

Күлүйпа Кондучалованын таалим – тарбиясын алышкан кадрлардын бир катарлары, алсак, Сайра Кийизбаева, Артык Мырзыбаев, Токтоналы Сейталиев, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даргүл Күйүкова, Болот Миңжылкиев, Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморовдор СССРдин Эл артисттери болушса, Насыр Давлесов, Рейна Чокоева, Уран Сарбагышев, Жамал Сейдакматовалар мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Ал эми композитор Калый Молдобосанов Социалисттик Эмгектин Баатырлары, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, дирижер Асанкан Жумакматов СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты деген наамга жетишсе, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү, академик Тургунбай Садыков Лениндик жана СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду. Булардан башка ондогон таланттуу авторлор, сахна чеберлери маданият майданында такшалып, заманыбызга татыктуу эмгектерди жаратышып, кыргыз маданиятын ааламга таанытышты.

Эгерде ушул убакка чейин унутта калбай көрүүчүлөрдүн жана угуучулардын кумарын кандырган, алардын эстетикалык табитин өстүрүп, көркөмдүк жактан аң-сезимин калыптандырган улуттук классикалык чыгармалар сахнадан, телевидение, радиодон жаңырып жатса, мына ошол чыгармалардын жазылышына, жаралышына Күлүйпа Кондучаловна жеке өзү дайыма көзөмөлдөп, башталган иштердин ийгиликтүү аякташын камсыз кылган.

Демек, “акыл жаштан” чыгарын терең сезген, жаштарды тарбиялоонун, талантты тандоонун, кадрларды өстүрүүнүн таасирдүү жолун дайыма таба билген Күлүйпа Кондучаловна биз үчүн чыныгы мектеп, улуу устат.

Эмгеги менен элине таанылган Күлүйпа Кондучаловна дайыма коомчулуктун терең алкоосуна бөлөнүп, СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине эчен жолу депутат болуп шайланып, Совет Өкмөтүнүн көптөгөн ордендери, медалдары менен сыйланып, згемендүү Кыргызстандын эң бийик сыйлыгы – “Манас” орденин алды.

Жалпылап айтканыбызда , Күлүйпа Кондучаловна үлгү алышып, эжени медер тутушуп, Кыргызстандын эртеңкисине эпкиндүү эмгегин аябастан, келечекке кеңири карап, калк арасына кеңири тарап калган айымдардын катары улам өсүп келе жатышы, Курманжан датка энебиздин асыл максаттарын, олуттуу осуяттарын орундата тургандар бар экендиги көңүлдү кубантат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7 + 2 =