«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Жазуучу Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылды

26 Апрель 2021
 Апрель 26, 2021
Категория: Культура, Новости

Бишкекекте, 26 апрелде  кыргыздын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры  Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Аза күтүү зыйнаты  Адылас Малдыбаев атындагы  кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага  Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган депутаттар, КР Премьер-министри  Улукбек Марипов, КР Президентинин Аппарат жетекчиси  Сүйүнбек Касмамбетов , өлкөнүн  коомдук жана саясий ишмерлери катышты.

Талант Мамытов  Жогорку Кеңештин атынан  көрүнүктүү жазуучунун  туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

“Бексултан Жакиевдин чыгармачылык тажырыйбасы  жаш муун үчүн үлгү. Кыргыз эли анын чыгармачылыгын өтө жогору баалачу. Анын инсандык сапаттары  тууралуу көп эле сөздөрдү айтса болот, бирок, ал сөздөр Бексултан Жакиевди жоготуудан улам пайда болгон боштукту толтура алмакпы. Анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”,- деди Төрага.

 Эске сала кетсек, 2021-жылдын 25-апрелинде  узака созулган оорудан кийин  Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, “Кыргыз Респубикасынын Баатыры”  Бексултан Жакиев көз жумду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

− 1 = 2