«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Аскар Какеев 86 жаш курагында дүйнө салды.

26 Апрель 2021
 Апрель 26, 2021
Категория: Культура, Новости

2021-жылдын 25-апрелинде коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана көптөгөн башка сыйлыктардын ээси, кыргыздын чыгаан уулу, кыргыз философиясын негиздөөчүлөрдүн бири Какеев Аскар Чукутаевич 86 жаш курагында дүйнө салды.

Аскар Какеев 1935-жылы 10-декабрда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, 1963-1968-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантура бөлүмүнүн алдындагы «Философия» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, ал эми 1965-1984-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда кафедра башчысы, 1984-1988-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989-1992-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук таануу институтунун директору, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси — Мамлекеттик катчысы, 1993-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министри, 1998-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2000-2005-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген.

2005-жылдан бери Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинде профессор, философия кафедрасынын башчысы кызматын үзүрлүү аркалап, элине ак кызматын арнаган.

Аскар Какеев катардагы фотограф-ретушердин жардамчысынан, жөнөкөй студенттик тепкичтен баштап, илимдин бардык баскычтарын басып өтүп, академик даражасына чейин жеткен. Кайсы кызматта — мейли мамлекеттик, мейли окутуучулук, мейли жетекчилик кызматты аркалабасын, жумушту так аткарып, ак эмгеги менен элине белгилүү болгон. Ал көз карандысыз кыргыз тарых илимине, саясат таануусуна, билим берүүсүнө жана илимине зор салым кошкон.

Аскар Какеев — 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 5 окуу китеп) автору. Анын эмгектери: «Кыргызстандын коомдук ойлоосунун тарыхын изилдөөнүн жаңы багыттары», «Азыркы Кыргызстан: ачык коомго карай. Ж. Соростун философиясы жөнүндө», «Кыргызстандагы философиялык ойлор» «Ордо оюну Кыргыз мамлекетинин модели, үлгүсү, тоолор философиясы», «Нур Молдонун философиясы» жана башка чыгармалары кыргыз элинин табылгыс байлыгы болуп калды.

Аскар Какеевдин илим жана билим берүү тармагына, өлкөбүздүн түптөлүшүнө кошкон салымы жана сиңирген эмгеги мамлекет жана коомчулук тарабынан жогору бааланган. Ал «Илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлык», «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы, III даражадагы «Манас» ордени, «Эмгек ардагери» медалы жана башка көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган.

Какеев Аскар Чукутаевичтин бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Н. Ж. Бакирова, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, С. К. Нышанов, Г. С. Молдобекова, А. Э. Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, А. Б. Бейшеналиев, К. О. Иманалиев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Б. Ж. Кудайбергенов, Э. С. Тентишев, М. С. Жуматаев, А. А. Айдаралиев, И. Т. Айтматов, Ж. А. Акималиев, А. А. Акматалиев, У. А. Асанов, А. Б. Бакиров, А.А. Бөрүбаев, Р. Ж. Женчураева, С. А. Жумабеков, А. Ж. Жайнаков, Ш. Ж. Жоробекова, Т. К. Койчуев, Д. К. Кудаяров, А. А. Кутанов, М. М. Мамакеев, М. Т. Мамасаидов, А. М. Мурзалиев, Б. М. Мурзуибраимов, В. И. Нифадьев, В. М. Плоских, А. Р. Раимжанов, Т. С. Садыков, С. Ж. Токтомышев, Б. А. Токторалиев, А. Э. Эркебаев, К. Ж. Садыков, Ч. И. Арабаев, М. Артыкбаев, А. А. Асанканов, С. Ж. Мусаев, Ы. М. Мукасов, Ш. Мусакожоев, Р. З. Кыдырбаева, О. И. Ибраимов, Ж.Т. Үмөталиева ж. б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

+ 2 = 9