«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

15 Март 2019
 Март 15, 2019

СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ,

Кыргыз Республикасынын Баатыры

АКУН ТОКТОСАРТОВ

Жерден элең укмуш кооз өң бүткөн,
Жерден элең Кулун аттуу көл бүткөн.
Чыккан элең кырчыныңда суурулуп
Суусу тунук  сулуу жылга Көңдүктөн.

Сен гүлдөтүп маданият аймагын,
эртеңдерге калаар эмгек камдадың.
Өркүндөөгө, тынбай өсүп-өнүүгө
Өмүрүңдүн бүт бардыгын арнадың.

Ак эмгегиң өкүмдарга жакпады,
Ал дилине муздак көк таш сактады.
Көп-көп жанга сыйлык берген өзүңдүн
Көкүрөгүңө бир да орден такпады.

Адилеттүү анык кыргыз тукуму,
Адам элең жулунбаган жупуну.
Кеч болсо да чындык калды айтылып,
Келген кезде кептин керек учуру.

Албасаң да ардактуу орден-сыйлыкты,
Адам элең абройлуу, жылдыздуу.
Кызмат кылдың ого бетер жан үрөп,
Кыргызымдын кыраан уулу сыймыктуу.

Сен адамдан бийик нерсе таппадың,
Адам болду сенин тооң, асманың.
Бар адамдын калтырбадың көңүлүн,
Бар адамга бир жаман сөз айтпадың.

Акун элең сылыктардын сылыгы,
Акыл жактан кыйындардын кыйыны.
Анча-мынча кошулбаган жез, коло,
Ашкере сен алтын элең чыныгы.

Элиң үчүн эчен күйүп-жандың сен,
Эл урматтап, эл батасын алдың сен.
Ала-Тоонун эли эсинде түбөлүк
Акун бойдон, асыл бойдон калдың сен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 + 1 =