«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

23 Апрель 2020
 Апрель 23, 2020
Категория: Новости

Улуу Жеңиш деген ыйык сөз тарыхтын бетиңде ташка тамга баскандай түбөлүккө өчпөс болуп жазылып калды. Ошол жеңиш үчүн кара жанын, кашык канын аябастан, жалындаган жаштыгы менен Ата Журтту ажыдаардай ашынган фашисттерден коргоп, ат жалында ажал менен кармашып, эркиндиктин туусун көтөрүп, согуш майданында баатырларча салгылашкандардын катарында – Кызыл Армиянын каарман жоокери, биздин жердешибиз, биз ардактаган атабыз Чынтаев Пазыл дагы болгон.

 Мекенибизди кара туман каптап, согуштун өртү алоолонуп турган чакта, 1942 – жылы Чынтаев Пазылдын  жоокерлик сапары башталган.

“ Эр жигит эл четинде, жоо бетинде “ дегендей Чынтаев Пазыл согуштун учурунда атактуу генерал И.В.Панфиловдун гвардиялык дивизиясында, Советтер Союзунун маршалы И.С.Конев командачылык кылган фронттордо кызмат өтөдү.

“ Родина үчүн! Сталин үчүн! “ деген ураан чакырып, душмандар менен кырчылдаша салгылашып, майданда майып болду. Кайрадан катарга кошулуп, ажалдан тартынбаган, душмандан жалтанбаган чыныгы жоокер аталды.

Чынтаев Пазыл Октябрь революциясынын бешиги – Ленинград шаарын курчоодон чыгарды. Украина, Белоруссия, Польша, Чехословакия республикаларынын шаарларын, айыл – кыштактарын баскынчылардан бошотту. Адамдардын каны суудай аккан кармашууларда каармандыктарды көрсөтүп, Улуу Жеңишти Германияда тосуп алды. Аскердик мөөнөтүн 1945 – жылдын ноябрь айында Словакиянын борбору – Братислава шаарында аяктады. Ата Мекенибиздин эркиндиги үчүн көрсөткөн эрдиктери жогору бааланып, Чынтаев Пазыл атабыз СССРдин орден, медалдары менен он беш жолу сыйланды.

        Кызыл кечти, кыпкызыл таңды көрдүк,

        Кызыл чөптү, кыпкызыл канды көрдүк.

        Кыйындыкка жасалган эрдик көрдүк,

        Кылычтай курч намысты – арды көрдүк.

       Алып бүткөн жоксуңар энчиңерди,

        Ыйык көрүп, ызааттайм мен силерди.

        Жоону жеңип, токсондун белин ашкан,

        “ Баатырлар! ” деп чын айтат эл силерди,-

деп Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Эл аралык “ Руханият “ сыйлыгынын лауреаты Сооронбай Жусуев жазгандай жоону жексен кылып, Улуу Жеңишти алып келген баатырларга биз түбөлүккө милдеттүүбүз жана аларга дайыма башыбызды ийип таазим этебиз.

 

Мына ошондой баатырлардын бири Чынтаев Пазыл атабыз байсалдуу сапар басып, калкыбыз кадырлаган, уул – кыздары урмат көрсөтүп, карылыктын дөөлөтүнө куунаган, кубанычтуу күндөрү үзүлбөй уланган урмат – сыйлуу карыябыз болгон.

Бул инсандын эмгек жана согуш майданыңдагы  каармандыгы, кажыбас кайраты, майтарылбас эрки, эбегейсиз эмгекчилдиги улутубуздун урпактары үчүн унутулгус үлгү.

Чынтаев Пазыл атабыз жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө, элге кызмат кылууга, эгемендүү Кыргыз мамлекеттин бекем коргоого дайыма үндөп, жаш муундарды патриоттук, достук сезимде тарбиялоого акыл – насиятын, куч – кубатын арнап кетти.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

27 − 19 =