«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

Кара-Кулжада "Руханият" заманбап китепканасы ачылды

15 Февраль 2024
 Февраль 15, 2024
Категория: Новости

Ош облусунун, Кара кулжа районунун Көңдүк айылындагы “Руханият” ал аралык ассоциациясынын демөөрчүлүгү менен курулган заманбап китепканасы ачылды. “Руханият” эл аралык ассоциациясынын президенти Камалдин Токтосартовдун демилгеси менен 2019-жылы жаңы заманбап китепкананын курулушу башталган. 2021-жылы китепкана пайдаланууга берилген. Жаңы китепкана керектүү жабдуулар жана адабияттар менен жабдылган.

«Бишкектин айланасынан көрбөгөн заманбап, жыйнактуу, фондусу бай, терезесинде «ролл шторасы» илинген, түстөрдүн айкалышы гармониялуу болгон, креативдүү китепкананы тээ алыскы тоолуу Алайкуудан көрүп келдим. Айылдык китепканалардын ишин натыйжалуу өнүктүрүү, иреттештируу, системдүү оңдоо иштери боюнча биздин министрлик менен билим министрлигинин ортосунда жумушчу топ түзүлүп, төрайымы катары аймактарды кыдыруу иши башталган эле.

Ош облустук китепкана жетекчиси Бактыгул Мырзаева, Кара-Кулжа райондук китепкана жетекчиси Мырзайым Сагынбаева эжекелерим түз эле Алайкуунун Көңдүк айылындагы А.Токтосартов атындагы китепканага алып жөнөштү. Бир эле унаа бата турган тоонун кырындагы таштак жол менен менен ичеги-кардыбыз үзүлгүчө узак жол жүрдүк. Баарынан да китепкана жетекчи — айым эмес, мырза болгону андан бетер таң калтырды. Директор Кайратбек Жунусов демөөрчүлөрдүн жардамы менен салынган китепкана менен шашпай тааныштырды. Көңдүк айылына калмактардын, Кокон хандыгынын басмырлоосуна чыдабаган эл 1683-жылдары отурукташкан деген маалымат бар. Кар көчкү түшкөндө 10-15 күнгө жол жабылып, электр өчүп, жарыксыз, байланышсыз калган күндөр көп болоорун айтышты. Шарты катаал, чек арада чектеш, инфраструктура алсыз айыл болсо да, табият менен айкөлдүк жуурулушкан айылдыктардын кең пейилдигине суктанып келдик. Заманбап китепкана — маданий агартуунун очогу катары айылга кызмат кылып атканы сүйүндүрөт. Таазим сиздерге, алайкуулуктар! Борбордун тегерегиндеги айрым айылдык китепканалар каралбай, же иштегени, же иштебегени белгисиз болгон жагдайдын жанында бул китепкана жаратмандык — алыс-жакынды тандабасын далилдеп турду», Айнура Аскарова, Аскарова маданият министринин орун басары.

Китепкана ар кандай маданий иш-чараларды, анын ичинде маданият ишмерлери менен чыгармачылык жолугушууларды өткөрө алат. Эл аралык “Руханият” бирикмеси Көңдүк айылында жаңы заманбап китепкананын ачылышы аймактардын маданий өнүгүүсүндөгү жаңы этап болот деп ишенет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

− 4 = 4