«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

15 Февраль 2024
 Февраль 15, 2024

«Руханияттын» төрөлүшү Акун акенин министрлик кызматты тапшырып,  Филармонияга директор болуп келген учуруна туш келет.  Бул бир карасаң, элде айтылган «Жаман айтпай, жакшы жок» деген нусканын накта турмуштагы көрүнүшү сыяктанат. Бийлик аны төмөндөттүм деп ойлогон. Чындыгында бул төмөндөө, жогоруда айткандай, Акун акенин жаңы бийиктикке көтөрүлүшүнүн башталышы эле. Бул анын жаңы коомдук-саясий системанын шартында калкты руханий жактан агартууга,  улуттар аралык мамилелерди бекемдеп, жаңы бийиктикке көтөрүүгө, руханий баалуулуктарды байытууга жаңы жол салып, жаңы ойлорун ишке ашырууга белсенген кез эле.

        Бирок тереңирээк баам таштаган адамга анын кызматынын өйдөлөшү же төмөндөшү аны эч качан чөгөрүп чүнчүтпөстөн, же алчактатып манчыркатпастан,  дайыма бир калыпта болуп, ар убак жасап келген ишин өрүштөнтө берген өжөрдүгүн баамдабай койбойт. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегенди ал көп айтар эле. Бирок муну ал бир орунга олтуруп алуу эмес, бир иштин, бир максаттын артынан сая түшүү деп түшүнгөн экен. Ошон үчүн анын улам кийинки иши мурунку ишинин табигый уландысы болуп, анын өмүр бою жасап келген, жасай турган ишинин жаңы жагдайда гана уланып жаткандыгын билдирген.

        90-жылдардын аягында өкмөттүк жооптуу кызматын тапшырып, ардактуу эс алууга чыккандан кийин Акун аке каада күтүп, калбаат басып, көмүркөйүн жыйыштырып, төрдө жамбаштап жатып алса деле болмок. Ошондо деле ал элдин назарынан, сый-урматынан сыртта калмак эмес. Бирок ал анткен жок!

          Дароо эле ал кезде али элдин түшүнө да кире элек, «өкмөттүк эмес уюм» дегенди ачып, анын пайдубалын түптөп, кышын кынай баштады. Болгондо да ал уюм өз өлкөбүз менен эле чектелип калбай, аттуу-баштуу чет өлкөлүк ишмерлердин колдоосу менен эл аралык уюм болуп ачылып, жаңылыктан жаа бою качып турган «пессимисттерди» бүшүркөтүп, асманды сүйлөп жүргөн «оптимисттерди» айран-таң калтырды. Андан берки «Руханияттын» жасап келе жаткан иштери  көпчүлүктүн көз кырында, мезгил сынында. Демек, мындан Акун Акенин алысты көрө билген кыраакылыгын да, элдин иши дегенде «ичкен ашын жерге койгон» мээнеткечтигин да таасын көрүүгө болот.

Филармониядагы иштер, албетте, министрликтин алкагындай чоң эмес эле. Өзү тамашалагандай, түшкө чейин эле бүтүрүп койчу иштер болчу. Андыктан, «Руханиятты» уюштуруу жаңыдан жаралган ойлордун үзүрү болгонбу же министрликте турганда эле түзгөн пландарынын уландысы болгонбу? деген суроо мыйзамченемдүүдөй сезилет. Менимче, ал кездеги  «Руханияттын» алган багыты мамлекеттик машинанын дөңгөлөгүнө байланып калган ыкшоолуктан да, же «өзүм-өзүм дегенде, өгүздөй кара күчүм бар» деген жеке кызыкчылыктан да тышкары турган, ошол эле учурда ал экөөнү тең кандайдыр бир ийкемдүү ыкма менен айкалыштыра билген жаңы системада иштөө менен мурунку көнүмүш адаттардан башкача максаттарды койгондугу, башкача кадамдарды жасагандыгы менен айрымаланды. Мисалы, ал уюм:

– ырасмий, мамлекеттик маданий иш чараларга көмөктөшүү менен эле чектелбей,  руханий, социалдык, экономикалык багыттагы өз алдынча иш чараларды, акцияларды өткөрүүгө жигердүү кирише баштады;

– жаңы шартка ылайык рухий, маданий, коомдук, социалдык дөөлөттөрдү жаратуунун жаңыча багыттарын, жолдорун, ыкмаларын издөөгө багыт алды;

– өлкө ичиндеги жана коңшу өлкөлөр, боордош калктар, алыскы жана жакынкы элдер менен мамиле түзүүнүн, алакалашуунун, элдик дипломатиянын жаңы кырын ачууга умтулду;

– камкордуктан тыш калган өнөр адамдарын колдоого алып, алардын көрөңгөсү түгөнө элек талантын ачууга, дагы да ташкындатууга шарт түздү;

– элдик дипломатия аркылуу бийлик менен элдин ортосундагы биримдикти ширетүүгө, аларга данакер болууга умтулду;

– элдик көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрдүн, руханий-маданий салттардын, жөрөлгөлөрдүн сакталып калышына кам көрдү;

– ири ийгиликтерге, көрүнүктүү инсандарга элдик сый-сыпат көрсөтүүнүн заманга шайкеш түрүн түптөп, көтөрүп чыкты;

– коомдук турмуштун бардык тарабын маданиятташтырууга, экономика менен финансыны руханиятташтырууга аракеттер жасалды ж.б.

Албетте, «коомдо жашап туруп, андан сырткары туруу» мүмкүн эмес экен. Андыктан, бир кезде Акун акенин айкөлдүгүн, ак жүрөктүгүн пайдаланып, анын жакшылыгын көргөн көп жетекчилер «Руханияттын» сыйлыктарынын адептик-ыймандык статусун, адамга арткан жүгүн, жоопкерчилигин аңдай албай, көздөрүн май басып, өздөрүн Рухтун төрөсү, Маданияттын манабы, Турмуштун туткасы катары сезип алышып, акыры өздөрүн да, өлкөнү да жер каратып кеткен орунсуз окуяларды биз өз башыбыздан кечирбедикпи.

Бирок элдин парасатын, анын рухий-маданий дараметин андай адамдар эмес, эч кимден алкыш, сыйлык үмтөтпөй, жасаганын кадыр-колко кылбай, «каруусун казык, кара башын токмок» кылып жашап өткөн ак жүрөк адамдар аныктайт экен. Анда да, азыр да алардын чыгармачылык эмгеги, чыныгы атуулдук ар-намысы өлкөнүн жылдызын жандырып, байыркы элдин бай маданиятын, нарктуу салт-санаасын, бийик рухун көкөлөтө даңазалап, барбаган өлкөсү, көрбөгөн керемети, албаган тартуусу калбаган көп өлкөлөрдүн падышаларынын оозун ачырып, акылын айран кылган асыл мүнөттөр, сааттар, күндөр, айлар да болбодубу.

Непадам, кийинчерээк кимдир бирөө эгемен элибиздин тарыхын жазам, анын рухун, дилин ачам деп дымактанып калса, анда алар «Руханияттын» жасаган иштерине, «Руханият» китепканасынын сериясына, олуттуу окуялар, орошон адам тагдырлары катталган барактарга сөзсүз көз жүгүртөрү турган иш. Ошондо чакан эле коомдук уюм тарабынан ырасмий, мамлекеттик маанидеги тарыхый, олуттуу окуялар орундалып, анын аракети менен эл тарыхы, эл руханияты, эл маданияты үчүн күжүрмөн күрөш, күжүлдөгөн турмуш, күрдөөлдүү өндүрүш ургаалдуу жүрүп келгенине күбө болот. Ошондо аны түптөп, түйшүгүн көтөргөн адамдардын мээнети кайрадан өзүнүн татыктуу баасын алары турган иш.

«Руханият» 1991-жылы 15-мартта Акун аке тарабынан демилгеленип, М.Шаршенбаев, К.Сактанов, С.Субаналиев, С.Акматов, С.Иптаров сыяктуу пикирлеш, санаалаштардын башын кошуп түзүлгөн. Анткени эгемендик келгени  элдин тарыхый аң-сезими, рухий дөөлөт-мурастары, социалдык-маданий салттары, адептик-ыймандык асыл нарктары, элдик дипломатиянын эреже-каражаттары эми жаңы өңүттө уланыш керек болчу. Аны баарыдан мурда, мамлекеттик чиновниктер эмес, илим-билим, маданият, дин ишмерлери колго алыш керек эле. Акун акеде мына ушундай сапаттардын укмуштуудай зор көрөңгөсү уюп жаткан экен. Албетте, мында анын мурунку партиялык иш тажрыйбасы, байланыштары, уюштуруучулук жөндөмү зор көмөк болду. Жабыккан жүрөккө жаңы кан куйган сыяктуу эгемендүүлүк келгенде ээн калган ошол рухий боштукту кайсы бир деңгээлде «Руханият» толтуруп турду.

Ошондуктан, эгемендүүлүккө тушташ туңгуч көз жарган бул уюмдун мүдөө-максатын кандай аныктайбыз деген суроо коюлганда, Акун акенин: «Рухий дөөлөттөрдү жаратууга, жаңыртууга көмөктөшүү катары аныктайлы» дегенинде анын көкүрөгүндө көркөм, маданий, рухий дөөлөттөргө, аны жаратуучу адамдарга болгон зор сүйүү, чыныгы урмат-сый уялап жатканы, чыныгы өнөргө, өнөр адамдарына болгон күйөрмандык асыл сезим абалтан жашап келгендиги таамай сезилип, баарыбыз аны толук колдоого алганбыз.

Көрсө, ал акын ырдагандай, «адам, өнөр, өмүр керемет экенин, аны адам али сезе элек» экенин күлгүн курагынан эле таасын туйган экен.  Анткени ал адамды издеп жүрүп, өзүн тапты. Адамды ачам деп жүрүп, өзүн ачты. Акун акенин уюштуруучулук көрөгөчтүгүнүн сыры да, жетекчилик кыраакылыгынын түйүнү да, акылмандык касиетинин ачкычы да, менимче, дал ушул жерде сыяктанат.

Сабырбек Иптаров

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

66 − 58 =