«В ДУХОВНОСТИ – СЛАВА И МОЩЬ ЧЕЛОВЕЧЕСТВА, И СМЫСЛ ЕГО ПРЕБЫВАНИЯ НА ЗЕМЛЕ»

15 Февраль 2024
 Февраль 15, 2024

Акун аке   1941-жылы 15-мартта Ош облусунун Совет районуна караштуу Алайку өрөөнүндөгү Көңдүк айылында төрөлүп, балалык чагы каардуу согуш жылдарына туш келип,  анын азап-тозогун өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезип  чоңойгон экен. Энеси Суксур апа көптү төрөсө да, алардын баары, атүгүл Акбермет деген карындашы да эс тартканда чарчап калып, ал жалгыз бала болуп, абдан эрке өсүптүр. Акун акени  артыкча жакшы көргөн эжеси Камал эже аны «Ак киши» деп чакырчу экен.

Акун аке ошол жерде эр жетип, мектепти бүтүп, чоң турмушка аттанат. Асмандын башы Алайкудан, Алайкунун Көңдүгүнөн окуусун бүтүп, ал кездеги айчылык жол болгон Сары-Өзөн-Чүйдүн Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайына келип окууга тапшырышынын өзү эле анын көздөгөн максатынын бийигинен, алыска чуркар арымынан, кыйынчылыктан кайра тартпаган өжөрлүгүнөн кабар берип,  өзүн курчаган, чектеген чөйрөнүн алкагынан бошонуп чыгууга болгон далалатын, чечкиндүү дымагын баамдатып турат. Ал кезде Оштон Чүйгө окууга эмес, олуттуу иш менен атайы келип-кетүүнүн өзү оголе оор, сейрек көрүнүш болчу.

Ошентип, ал кийинчерээк Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, андан соң Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрөт. 1960 – 70-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде жооптуу кызматкер, 80-жылдары  Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде адабият жана искусство иштери боюнча сектор башчы болуп иштейт. 1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз ССР Маданият министринин биринчи орун басары, кийин Маданият министри кызматтарын аткарат.

1992-жылдан Токтогул атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын директору кызматына которулуп, 1994-жылдан «Манас айылы» ишкер долбоорунун башкы директору болуп эмгектенет. Филармонияда иштеп турганда 1992-жылы эл аралык «Руханият» ассоциациясын уюштурат да, өмүрүнүн акырына чейин анын президенти болуп иштейт. Анын кыскача кызматтык таржымалы ушул.

Бир караганда, ыраматылык Акун аке кадыр-барктуу, мартаба-маңыздуу, керемет-кызыктуу эле өмүр сүрүптүр. Ак үйдө да, Көк үйдө да иштептир. Маданият министри, Филармониянын директору, Долбоордун генералдык директору, «Руханияттын» президенти болуптур. Эл тааныптыр, жер кыдырыптыр.

Чындыгында булардын баары бир адамдын өмүрүн көркүнө чыгаргандай эле көзөл кызматтар, адам көөнүн көкөлөткөн, көркөм, кооз дүйнөгө чөмүлткөн, бакубат, бардар жашоого шарт түзгөн шарапаттуу жагдайлар. Ооруну, кайгыны мындай коюңуз, түк ойлонбой, кейибей, жабыкпай, айтор «кайгыны көзгө илбей, карылык эмне – билбей», жыргап-куунап жашоонун жандоочулары. «Бул адамга дагы эмне жетпеди экен» деген шыпшынууну пайда кылган турмуш. Бирок мен бул кызматтарды тегинден кыдырата санап, чоң тамга менен жазып жатканым жок.

Ырас, коомдо көп тармак, көп кызмат, көп даража бар. Бирок алардын ичинен кашкая көрүнүп, карааны калдайып бөлүнүп турган бир тармак, бир дүйнө бар. Ал – башкалар үчүн сыртынан сырдуу, сыйкырдуу, бирок ичинен азаптуу, талаптуу, кылдат, кыйкымдуу тармак. Ал башкалардай бирди айтып, башкача жашап, бирди таалимдеп, башкага таасирленип жүрүүгө жол бербеген жолу таштак, жобосу катаал тармак. Бул – маданият, адабият, музыка, көркөм өнөр, кино, театр, музей дегендей, бир сөз менен айтканда, руханият тармагы, руханият дүйнөсү!

Бул ааламдын башкалардан көп айырмасынын бири – андагы катардагы кызматчы, жумушчу, эмгекчилердин көбү аларды башкарган жетекчилеринен алдаганча атактуу, алдаганча кыраакы, алдаганча кадыр-барктуу, алдаганча белгилүү инсандар болушкандыгында. Мисалы, Эл артисттерин айтпай эле коёлу, кайсы бир кичинекей театрдын катардагы эле артисттерин элдин баары тааныйт, баары сыйлайт, ал эми анын директорунун өзүн эмес, аты-жытын билбеген учурлар четтен табылат. Мына ушундай жагдайда калың элдин да, тармактын кайраткерлеринин да чыныгы сый-урматына арзыш, алардын баштоочусу да, башкаруучусу да, сыймыгы да, сырттаны да, камкору да, калканы да болуш, «артисттердин да, көрүүчүлөрдүн да» талабын айкалыштырып алып жүрүш, бул, оо, эмне деген оор милдет да, эмне деген зор жоопкерчилик!

Ошондон улам маданият, руханият тармагы өзү да, аны башкарган жетекчилик да чоң тамга менен жазылууга толук акылуу деп ойлойм. Акылуу, бирок ага татыктуубу, бул башка кеп. Ырас, кээде чоң кызматтарга айрымдар акактап, арзып жүрүп, артынан сая түшүп жүрүп жетишет. Атүгүл, «Ала-Арчага» коюлууну ойлоп аракеттенгендери да кездешет экен. Адатта, андай адамдар өздөрүн күнгө тосуп, көркөмдүү, көлөмдүү көрсөткүсү келип, кибиреген дүйнөсүн, кичинекей мүдөөсүн чоң сөздөр, чоң максаттар, чоң программалар менен шөкөттөп көрсөтүүгө маш келишет…

Мунун тескерисинче, кай бирде кээде кызматы төмөндөгөндө кадыр-баркы жогорулаган, креслосу кичирейгенде атак-аброю чоңойгон уникалдуу учурлар да бар. Алаканында турса да, «Ала-Арчадан» баш тартып, мени байбичемдин эле жанына койгула деп керээз калтырган учурлар да бар. Аттиң, алар көп эмес, бирок бар. Ошонусу менен андай адамдар аруу, ошондой кылыгы менен кымбат, ошонусу менен алар кайталангыс. Мына ошондой асылдардын бири, дили менен тили, сөзү менен өзү эки ача болбогон, ар убак адам парасатын аздектеп, адамгерчиликти туу тутуп жашап өткөн тагдырларды анык адамдын тагдыры деп, тартынбай таржымалдап айтсак болот.

Айталы, бүгүн атпай кыргыз «Манас» десе Саякбайды, Саякбай десе «Манасты» элестетишери айныгыс чындык эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз эли бүгүн «Руханият» десе Токтосартовду, Токтосартов десе «Руханиятты» элестетишери да турмуш чындыгы болуп калды. Себеби булар бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн болбогон ички биримдиктин, ички бүтүндүктүн үзүрү.

«Туура ойлон, ойлогонуңдай сүйлө, сүйлөгөнүңдөй жаша!» Бул жобо маданият тармагы эле эмес, дегеле мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын баарына таандык катары карай турган кадыресе талап, кынтыксыз аткарылууга тийиш болгон маанилүү эреже экендигин айтып олтуруунун зарылдыгы жоктур. Акун акенин эң башкы турмуштук кредосунун тууру да, туткасы да, менимче, дал ушул жерде! Маданият ал үчүн максат болсо, Руханият маңыз болгон, министрлик чоң мүмкүнчүлүк болсо,  президенттик ошол мүмкүнчүлүктү колдонуу болгон. Ал маданиятты министрлүү кылууга эмес, министрди маданияттуу кылууга умтулган. Ал руханиятты президенттүү кылууга эмес, президентти руханияттуу кылууга аракеттенген.

Эгер Акун аке бул кызматтарга катардагы иштин бириндей, келип-кетер колдун кириндей мамиле кылса, анда башка натыйжа болмок. Акун аке мамлекеттик кызматты «колдун кири» деп эсептебестен, б.а., аны «кызмат көрсөтүү» дебестен, бардык учурда аны «кызмат өтөө» деп түшүнгөн. Ага мамлекеттик кызмат ак көйнөк кийүү үчүн эмес, элге ак кызмат өтөө үчүн керек болгон.

Ал кайсы кызматта, канча убак иштебесин, ал ошол тармакты да, анын жетекчисин да чоң тамга менен жазгандай даражага көтөргөн экен. Калыс адамдардын айтуусунда, ал жогорудагы кызматтарды аркалап турганда Маданияттын мартабасы артып, Өнөрдүн өрүшү көкөлөп, чыгармачылыктын канаты жайылып, бир сөз менен айтканда, Маданияттын мартабасы артылып, Руханияттын ордосу толуп, ооматы келип, Калктын рух казынасы байып, кубаттуу деңгээлге көтөрүлгөн экен.

«Мындай деңгээлди камсыз кылыш үчүн ишти кандай уюштуруш керек», «Бул тармакты башкарган адамдар кандай артыкча сапаттарга эгедер болушу зарыл», «Алар адамга табияттан берилеби, же адам аларды өзү калыптандырып алабы» дегендей олуттуу суроолордун коюлушу мыйзамченемдүү. Буларга жоопту Акун акенин адамдык, атуулдук, адистик сапаттарына байланыштуу замандаштарынын эскерүүлөрүн окуган, аны жакын билген адамдардын айткандарын уккан адам толук жооп алат деп ойлойм.

Сабырбек Аптаров

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

− 2 = 8